00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как учат ИИ говорить по-кыргызски и зачем стране свой «Айран»
12:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
97% школьников с кариесом: как будет работать новая система осмотров
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сокулукта акча көбөйтүп берем деп элди 10 млн. сомго алдап кеткен аял кармалды

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области Сокулук районунда алдамчылыкка шектелип кармалган аял
Сокулук районунда алдамчылыкка шектелип кармалган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Жазылуу
Шектүү катары 38 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ж.А. кармалып, камакка алынды.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Сокулук районунда WhatsАpp мессенжеринен бир нече тайпа түзүп, кыска убакытта акчаларын эки эсе көбөйтүп берем деп жабырлануучуларды 10 миллион сомго алдап кетти деген аял кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Күн-Туу айылынын жашоочусу А.Ж. РИИБге арыз менен кайрылып, А. аттуу аял акчасын көбөйтүп берүүнү убадалап 187 миң сомун алып, ошол бойдон бербей жатканын айткан.
"Тергөө учурунда кийинки жагдай такталган. А. аттуу аял WhatsАpp мессенжеринде карапайым жана улуу курактагы адамдардан турган бир нече тайпа түзүп, аларга "кыска убакыттын ичинде акчаларын эки эсе көбөйтүп берем" деп алдоо жолу менен акча котортуп алган. Учурда ал аялга чара көрүү боюнча бир топ жарандардан арыз түшүп, алдап алынган каражат 10 миллион сомдон ашык экени такталды", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынын 38 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну кылмышка шектүү катары кармалып, соттун чечими менен камакка алынды.
Чүй милициясы кармалган аялдан жабыр тарткандар болсо Сокулук РИИБге 03134 53380, 0706 360006, 0552360006 (Whatsapp), 0700343803 телефондору аркылуу кайрылууга чакырат.
Телефон менен сүйлөшүп жаткан адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Президенттин маалымат катчысы телефон алдамчыларынан сак болууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0