Мамлекетти кантип тоношту үйрөтөбү? Депутаттар Акаевдин лекция өтүшүн сындады

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2023
Жазылуу
Эл өкүлү азыр бул жакка лекция окуйм деп келген киши дал ошол муундун келечегин уурдаган деп эсептейт.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке келип студенттерге лекция өтүшүн сынга алды.
Бүгүн Социалдык саясат комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге кайрылып, буга жол бербөөгө чакырды.
Депутат Аида Исатбек кызы өзү келечегин уурдаган муунга келип эмнени үйрөтөт деп нааразы болду.
"Мен студенттерге, өзгөчө Бишкекте окугандарга кайрылгым келет. Албетте, ал кишини сабаттуу, билимдүү, интеллигент катары сыйлайм. Бирок бир нерсени эске алып коюш керек. Дал ошол адамдын айынан биздин муун ата-энесинен алыста өстү. Биздин ата-энелердин көбү миграцияда жүрдү. Урматтуу студенттер, баарыңарды ойлонууга чакырам. Азыр бул жакка лекция окуйм деп келген киши дал ошол муундун келечегин уурдаган", — деди Исатбек кызы.
Ал эми Айбек Маткеримов Акаевдин Кыргызстанда лекция окууга моралдык укугу жоктугун белгиледи.
"Каныбек Капашович, эгер балаңыз "биздин келечекти уурдаган, Кыргызстанды тоногон, канчалаган адамдарды аттырган адам келип лекция окуду" десе кандай абалда болосуз? Кыргызстанды сазга батырды, Аксыда мынча адамды аттырып кетти" деп айтып келгенбиз. Ал кишинин билимине, илимине шек жарата албайбыз, бирок келечегибизди дагы ойлош керек да. Анда эртең мен да жеп, уурдап, канча бир убакыттан кийин келе берсем болобу? Эмне азыр келечек муунга кантип жешти, мамлекетти кантип тоношту үйрөтөбү? Мен студент болсом моралдык укугуңуз барбы деп сурамакмын", — деди Маткеримов.
Иманалиев мурдагы президентти ал чакырбаганын, ага ректорлор өздөрү жооптуу экенин айтты. Ошол эле учурда лекция окушуна тыюу салууга да укугу жоктугун билдирди.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен 20-майда Бишкекке келген. Алар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Улуттук илимдер академиясында лекция окуйт деген маалымат тараган. Кийинчерээк КМТУнун айрым студенттери буга каршы чыгышкан.
Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин качып кеткен. Биринчи жолу 2021-жылы Кумтөр иши боюнча сурак берүүгө келип кеткен. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча чечимди өкмөткө ишенип кабыл алып бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.
Билим берүү министри Каныбек Иманалиев кезинде Акаевдин маалымат катчысы болуп иштеген. Бийликтен кеткенден кийин да мурдагы президент менен үзөңгүлөшү катары катташып турганы маалым.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2023
Министр Иманалиев: Акаевдин окуу жайларда лекция окушуна тыюу сала албайм
Жаңылыктар түрмөгү
0