Аскар Акаев Кумтөр үчүн кечирим сурап, күнөөлүү тараптарды айтты. Видео

Жазылуу
Мурдагы президент "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып, кыргызстандыктардан кечирим сураган. Ошондой эле ал тергөө менен кызматташууну уланта турганын билдирген.

Тунгуч президент Аскар Акаев кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасады. Анда мурдагы өлкө башчы "Кумтөр" долбоору боюнча келишим республикага пайда алып келбегенин мойнуна алган. Ошондой эле ал эмне себептен бул келишимге кол коюлганын да түшүндүргөн.

Акаевдин видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.

Эске салсак, 2-августта мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга келип, УКМКга кирип сурак берген. Учурда ал тергөө менен тыгыз байланышта кызматташып жатканын прокуратурадан билдиришти.

Буга чейин Акаевге карата 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы келишимди түзүүдө жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен долбоорду реструктуризациялоодо башкы келишимди түзүүдө коррупцияга шектүү деген чечим чыккан.

Бул иш боюнча Аскар Акаевдин кайрылуусу төмөндө толугу менен берилген:

"Урматтуу кыргызстандыктар, кымбаттуу мекендештер. Сиздерге Кыргызстанга келген себебимди түшүндүрүү үчүн кайрылуу жасоону туура көрдүм.

Мекенден алыс жүрсөм дагы Кумтөр маселесинин айланасындагы окуяларга көз салып жаттым. Айрыкча, 2020-жылдын октябрь айынан кийин кабыл алынган чечкиндүү кадамдардан соң жөн карап отура алган жокмун.

Кыргызстанда мен жоопкерчиликке тартылып, издөөгө алынсам да, Кумтөр боюнча көрсөтмө берүү үчүн мекенге келдим. Өлкөгө келгенден баштап күн сайын суракка барып, тергөөчүлөргө көрсөтмө берип жатам. Мага кылмыш ишиндеги бир нече документ көрсөтүлүп, өтө көп суроо берилди.

Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Талашка түшкөн алтын: Кыргызстан өз байлыгын кантип кайтарып алды
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин президент катары мойнума бир нече маанилүү стратегиялык тапшырмалар илинди. Анын ичинде өзүбүздүн улуттук валютаны, улуттук каржы системасын жаратуу жана аны туруктуу, ишенчиликтүү алтын валюталык ресурс менен камсыз кылуу милдети турду. Ал Кумтөрдун алтыны болмок. 1992-жылдын декабрь айында Канадада Cameco корпорациясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча биринчи башкы келишимге кол коюлган. Ошондон тарта өлкө үчүн маанилүү делген долбоорду ишке ашыруу башталган. "Кумтөр" долбоорун жаратып жатып ага үмүт артып, канадалык компания менен ийгиликтүү кызматташабыз деп ойлогонбуз.

Кыргызстан бул экономикалык долбоордон көп киреше көрөт деп күткөн. Тилекке каршы, баары биз ойлогондой болгон жок. "Кумтөр" боюнча келишимге кол коюлгандан кийин кыргыз тарап улуттук кызыкчылыкка чыгым келтирип, Канада тараптын пайдасына чечилген бузууларга жол берди. Мындай фактылардын бири Кыргызстан өкмөтүнүн "Камеко" корпорациясын салыктан мыйзамсыз бошоткону. Андан тышкары, "Кумтөр" долбоорун башкарууну Канада тарапка өткөрүп бергени да чекилик болду. Жыйынтыгында кыргыз тарап дивидендсиз эле калбастан, өлкөнүн бюджетине ири көлөмдө салык да түшпөй калды. Бул бир гана өкмөттүн кылмышка тете катасы эмес, бул мамлекет башчы катары менин да жаңылыштыгым. Анткени мен башкы келишимге кол коюп жатканда Кыргызстандын кызыкчылыгы толугу менен эске алынган деп ойлоп, "Кумтөр" боюнча чечимди өкмөткө ишенип эле кабыл ала бергем.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе дароо камалат
Менин эң чоң жаңылыштыгым - Кыргызстандын өкмөтүнө "Кумтөр" долбоорун 2003-жылы реструктуризациялоого (төлөө мөөнөтү өзгөртүлгөн — ред.) уруксат бергеним. Cameco корпорациясы тарабынан "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча сунушту карап жатканда мен өлкө башчы катары өкмөткө Centerra компаниясына үлүш акыйкат бөлүштүрүлсө гана киргиле деген тапшырма бергем.

Өзүмдүн жеке эсептөөм боюнча, биз Centerra компаниясынын үлүшүнүн 40 пайызына, андан да көп пайызына ээлик кылышыбыз керек болчу. Бирок Кыргызстандын өкмөтү Канада тарап менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында келишимге кол койгон. Анда Кыргызстан Centerra компаниясына 33,33 пайыз үлүш менен кирген. Кийинчерээк ошол учурда өкмөттүн колунда эл аралык эксперттердин реструктуризация боюнча Кыргызстандын шартына ылайыктуу сунуштаган варианттары боюнча корутундусу болгонун уктум. Өлкө башчы катары мен "Кумтөрдү" реструктуризациялоого макулдугумду бербешим керек болчу. Бирок ошол мезгилде өкмөт долбоор зарыл экендигине ишендирген.

Урматтуу мекендештер, кетирген каталарым үчүн чын дилимден кечирим сурайм. "Кумтөр" долбоору боюнча кыргыз элинин үмүтүн актабаганым үчүн кечирим сурайм. Өкмөттү убагында көзөмөлдөбөй койгонум үчүн канадалык инвесторлор Кумтөр кенин толугу менен көзөмөлгө алып алышкан. Муну менен Кыргызстанга киреше кирбей, экологиясы талкаланып Канада тарап ири суммада киреше тапкан. Мунун баарын эске алып, тергөө менен кызматташууга толук даярмын. Кыргызстандын жараны жана мурдагы президенти катары кетирген күнөөмдү сезип жатам жана алдыңыздарда дагы бир ирет чын дилден кечирим сурайм".

Жаңылыктар түрмөгү
0