Министр Иманалиев: Акаевдин окуу жайларда лекция окушуна тыюу сала албайм

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБилим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев. Архив
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2023
Жазылуу
Иманалиев Акаев боюнча ар кимдин ар кандай ою бар экенин белгиледи.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Мурдагы президент Аскар Акаевдин жогорку окуу жайларда лекция окушуна тыюу сала албайм. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев парламенттин Социалдык саясат комитетинде билдирди.
"Биз ал кишилерди чакырган эмеспиз, университеттер чакырса, өздөрүнүн эрки. Бирок ал Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга дестабилизация алып келбеши керек", — деди Иманалиев.
Эл өкүлү Аида Исатбек кызы "буга сиздердин тиешеңиздер жокпу, ректорлор өздөрү сүйлөшүп алып келип жатабы?" деп таң калды.
"Сиздин оюңуз кандай, анткени мунун саясий жагы бар го, кантсе да ал мурдагы президент. Андыктан буга саясий чечим — сиздин макулдугуңуз керек, ал жөнөкөй экс-президент (макамындагы) эмес, качкын, коррупциялашкан... Андан ары тизмектебей эле коёюн", — деди депутат.
Иманалиев бул боюнча ар кимдин ар кандай ою бар экенин, бирок ал мамлекеттик кызматтагы адам болгондуктан мыйзамга баш иерин айтты.
Андан соң Исатбек кызы "министр катары ушуга тыюу сала аласызбы?" деп сурады.
"Тыюу салганга укуктук негиз жок. Эгерде кандайдыр бир саясий чагым болсо, чыңалууга алып келсе, ар бир ректор өзү жооп берет. Мен кетип калган президенттердин бирөөсү менен да кызматташкан жокмун", — деди министр.
Иманалиев кезинде Акаевдин маалымат катчысы болуп иштеген. Бийликтен кеткенден кийин да мурдагы президент менен үзөңгүлөшү катары катташып турганы маалым.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен 20-майда Бишкекке келген. Алар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Улуттук илимдер академиясында лекция окуйт деген маалымат тараган. Кийинчерээк КМТУнун айрым студенттери лекция окушуна каршы чыгышкан.
Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин качып кеткен. Биринчи жолу 2021-жылы Кумтөр иши боюнча сурак берүүгө келип кеткен. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча чечимди өкмөткө ишенип кабыл алып бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2023
Жапаров экс-президенттерди кандай максатта чогулткан? Маалымат катчысынын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0