Тыным көрбөгөн кыз-келиндер менен балдар. Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымы
Тыным көрбөгөн кыз-келиндер менен балдар. Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымы
Sputnik Кыргызстан
1942-жылы республиканын айыл чарбасында эмгектенген эркектер 51 пайызга азайып, түйшүк бүт бойдон кыз-келинге, кары-картаң жана балдарга жүктөлгөн эле. 09.05.2023, Sputnik Кыргызстан
Күн-түн дебей, тыным көрбөй жасаган ооруктагы кыргызстандыктардын эмгеги төрт жылга созулган Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишти жакындатып, кан төккөн жоокерлердин кем-карчын толуктоого жардам берген. Колумнист Алмаз Батилов СССР үчүн кыйын кезең тууралуу КР Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтердин негизинде сүрөт баяндама жасаган. Өкүнүчтүүсү, бул түрмөктөгү айрым жердештерибиз тууралуу толук маалымат жок.
1942-жылы республиканын айыл чарбасында эмгектенген эркектер 51 пайызга азайып, түйшүк бүт бойдон кыз-келинге, кары-картаң жана балдарга жүктөлгөн эле.
Күн-түн дебей, тыным көрбөй жасаган ооруктагы кыргызстандыктардын эмгеги төрт жылга созулган Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишти жакындатып, кан төккөн жоокерлердин кем-карчын толуктоого жардам берген. Колумнист Алмаз Батилов СССР үчүн кыйын кезең тууралуу КР Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтердин негизинде сүрөт баяндама жасаган. Өкүнүчтүүсү, бул түрмөктөгү айрым жердештерибиз тууралуу толук маалымат жок.
Калинин районундагы Коминтерн колхозунун эмгекчилери кан майдандагы жоокерлер үчүн мөмө-жемиш кургатууда. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. Фрунзе облусу (1939-1959-жылдары азыркы Чүй облусу ушундай аталган), 1942-жыл.
Багбан А. В. Селивановдун Фрунзедеги аскердик госпиталда дарыланып жаткан аскерлерге бир челек шарап алып бара жаткан маалы. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. Кант району, Фрунзе облусу, 1942-жыл.
Кыргызстандын делегациясы Ленинграддагы "Октябрь революциясы" аскердик кемесинин флотчуларына арналган белектер менен жөнөп кетүүдө. Бул кемени Кыргызстан азык-түлүк жана кийим-кече менен камсыздачу. 1942-жыл.
Стахановчу, комсомолдун мүчөсү Тамара Косенко заводдо фронт үчүн продукцияны даярдоодо тапшырманы 300 пайызга аткарган. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. Фрунзе шаары, 1943-жыл.
№1081 эвакуациядагы госпиталдын 2-бөлүмүнүн жетекчиси М. Ф. Кирик жарадар болгон жоокерге операция кылууда. Ага хирург Е. Я. Болдырев көмөк көрсөтүп жатат. Фрунзе шаары, 1943-жыл.