Ойлонбой кетип калып жолдошум менен жараша албай кыйналдым. Келиндин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖоолук салынган кыз ыйлап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Жоолук салынган кыз ыйлап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялыкты сактоо шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошу менен ажырашып алып, эми кантип жарашуунун жолун таппай ыңгайсыз абалда турган келин кат жазган.
Саламатсыңарбы? Мен мындан беш ай мурда эле турмушка чыккам, азыр үч айлык боюмда бар. Баш кошкондон кийин кайын журтум менен бир айдай туруп эле анан жумушубузга байланыштуу өзүбүзчө бөлүнүп кеткенбиз. Экөөбүз ашып кетсе үч ай өзүнчө турдук. Андан кийин ажырашып кеттик. Оокат-кечемди алып төркүнүмдө жашап жатканыма бир айга жакындап калды. Үйдүн улуусумун, менден кийин эки иним бар. Батирде турганыбыз менен күйөөмдүн машинасы, иши бар. Мен да иштейм. Экөөбүз кызганычтан улам урушуп отуруп, оюндан от чыгып кетти. Бир ирет адашып чалып алган бала үчүн жаакка чаап жиберди. Мен да аны чыны менен бир урдум. Ал ага ачуусу келип менин эки колумдан мыжыга кармап жулкулдатып, түртүп жиберген. Эртеси карасам колум көк ала болуп калыптыр. Эртең менен туруп эле туугандарыма чалып ыйлап "мени урду" деп даттандым. Апама да айттым. Кош бойлуу кезде гормондор өзгөрөт деген чын окшойт. Боюма жаңы бүткөндө жолдошумду көргүм келбей, ар бир сөзүнө ачууланып, кичине айткан сыны катуу тийип калган. Азыр ал учурдан өттүм окшойт. Кичине тынч алып калдым. Ошентип жолдошум жумушка кеткенде такси чакырып үйүмө кетип калгам. Кечинде атама коркконумдан бир аз көбүртүп-жабыртып айтып, көгөргөн колумду көргөзгөм. Атам абдан кырс, бир мүнөз адам. Ачуусу келди. Жалгыз кызымын, мени абдан жакшы көрөт. Дароо жолдошума чалып сөгүп, катуу урушту да "экинчи үй жакка басып келгениңди көрсөм шыйрагыңды сындырам" деди. Ага чейин күйөөм чалып, "үйгө кел, кечирип кой" деп жаткан. Эми чалбай да калды. Тааныштардан сурасам батирди өткөрүп берип, ата-энесиникине кетип калыптыр. Бир ирет кайненем апама чалды, бирок апам да "кызымды урганга кандай акысы бар. Атасы да ачууланып жатат. Сотко бербегенине сүйүнгүлө" деп койгон. Азыр абдан өкүнүп жатам. Жарашкым келет, катамды түшүндүм. Бирок ата-энеме кантип айтам? Корком. Күйөөмө чалып, келип мени алып кетүүсүн сурасам "атаңа түшүндүрүп айт, уруксат берсе анан барам" деген шарт койду. Мен анте албай жатам. Кайра барсам кайын журтумдун, ата-энемдин бетин кантип карайм? Азыр апамдар да кош бойлуу деп мени аяп жатышат. Бирок ажырашкым келбейт. Кандай туура кадам жасасам болот?

Психолог Гүлнара Жасоолова:

Кош бойлуу кезде гормоналдык өзгөрүүлөр болот. Таарынуу, эркелөө өңдүү сезимдер басымдуулук кылат. Ошого кабылыптырсыз. Бирок көп убакыт өтпөй болуп өткөн окуяны анализдеп, ачык айтып жатканыңыз күчтүүлүгүңүздөн кабар берет. Бир үйдүн эрке кызы болуп чоңойгондун таасири тийип жатат. Ар бир адам катасын убагында чечип, аны кийин кайталабаса үй-бүлөсүн бекем сактап кала алат. Конфликт болот, бирок аны кайра кайталабаганга аракет кылуу керек. Кечирим суроо — кең пейилдиктин, айкөлдүктүн белгиси. "Менден да кетти" деп ата-энеңизге айта алсаңыз алар туура түшүнүү менен кабыл алат. Кайната-кайненеңиз да түшүнөт, кайра кубанып, жакшы тосуп алат. Бул үй-бүлөнү эле сактап калбастан наристенин толук кандуу бүлөдө төрөлүшүнө шарт түзөт. Муну чечүү жолдорун да ата-эне талкуулап, үй-бүлөнү эки жактан сактоого, бекемдөөгө жан үрөсө жаштар ынтымакта жашайт. Жашоодо чыр-чатак көп эле болушу мүмкүн. Психолог Кармендин айтымында, ар бир чөйрөдө бирөө диктатор, бири коргоочу болсо, дагы бир курмандык болот. Ушул айлампада жүрө берет. Ата-эне коргоочунун милдетин алып, аралаша бербей өз алдынча үй-бүлө экениңерди эске алып, жубайлардын бетме-бет отуруп чечишине жардам берсе жакшы. Канчалык үйрүлүп түшкөн сайын коргонуучу ошончолук өзүн курмандык сезе берет.
Эс алган эркек киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Жалкоо жолдошум мойнума минип алды. Аялдын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0