Жалкоо жолдошум мойнума минип алды. Аялдын каты

© Photo / Pexels / Tamba Budiarsana Эс алган эркек киши. Архивдик сүрөт
Эс алган эркек киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошунун жалкоолугуна нааразы болгон аял кат жазды.
Саламатсыңарбы! Мен эртеден-кечке тигүү цехинде иштейм. Сезон учурунда түнкү эки-үчкө чейин иштеп калууга туура келет. Балдарым мектепте окушат. Чоңоюп калышты. 9-класста окуган кызым тамак жасап, 7-класстагы кызым үй жыйнап коёт. Кичүү балам 3-класста окуйт. Өзүбүз батирде турабыз. Иштеген ишим жакын болгондуктан түштө, кечинде бир саатка үйгө барып келүүгө мүмкүнчүлүк бар. Тынбай иштегеним үчүн тапкан маянам жакшы. Ошонун арты менен балдарымды эч нерседен кем кылбай багып-өстүрүп, окутуп жатам. Бирок "биз да үйлүү болсок" деген аруу тилегим бар. Кээде жатып үй-жайлуу болууну кыялданам. Акча чогултуп баштасам эле аным бир нерсеге жарап кетет. Менин көйгөйүм жолдошумдун жалкоолугунда жатат. Эч жерде иштебейт. Кээде ушул тикмечи болуп иштеп кеткениме да өкүнөм. "Кайдан тапсаң, айдан тап, мени бак" деп жатып алсам бул да башкалардай жулунуп иштеп калар беле. Билбейм. Азыр кайдан? Мен бир жума иштебей калсам кадимкидей каржы жактан кыйнала түшөбүз. Жолдошум анда деле иштебейт. Мага көнүп алган. Экөөбүз тең жаш кезибизден баш коштук. Башында иштечү. Эртерээк бутка туруу максатында мен да кошо жарышып иштеп баштадым. Бир жыл өтпөй илең-салаң болуп жаткан жолдошум менин тапканым менен курсак тоёрун түшүнүп, такыр эле иштебей жатып алды. Иштеп жаткан кишидей болуп кычырап кийинип, достору менен эс алып келет. Кичүү баламдын жыйналыштарына барып коёт. Өткөндө жумуштан бутума сыз өтүп, бөйрөгүм ооруп ооруканага бир жума жатып калдым. Доктурлар үйгө барганда дагы бир жумадай жат, анан жумушуңду алмаштыр дешкен. Бирок үйгө келгенде үч күн гана жата алдым. Андан кийин оронуп-чулганып кайра жумушума чыгууга туура келди. Анткени акча-тыйын керек болду. Ишимди да алмаштыра албадым. Башка кайда иштейм. Ошондо да жолдошум аракет кылбаганын көрүп ичимден аябай ызаландым. Намыстанып да койгон жок. Ден соолугума деле кайдыгер турбайбы дедим. Кара жумушта иштегиси келбейт. Машина алсак, таксиде иштесе да бир аз жардам болор беле. Же тескерисинче, анда да баскан-турганы көбөйөбү?
Психолог Гүлнара Жасоолова: Үй-бүлө курулгандан кийин эркек менен аялдын милдети өз-өзүнчө бөлүнөт. Ар биринин милдети жана жоопкерчилиги бар. Негизи эле бүтүндөй жашоо мыйзамында да, кыргыздын салтында да ушундай. Ар ким өз жоопкерчилигин сезсе жашоо бир нукка түшүп кетмек. Психологияда "мен" жана "сен" деген позиция бар. Эгер биринчи тарап "мен иштейм, мен табам" дей берсе, экинчи тарап өзүн пас сезип, артка чегинет. Мындан жалкоолук келип чыгат. Муну адамдын алсыз жагы, тез эле чегинип берүү сапаты катары кароо керек. Бул маселеде жубайлар суроону бири-бирине бериши зарыл. Сиз үч күн жатып эле жумушка чыгып кеткениңизди жазыптырсыз. Мында кандай негизде иштеп кеттиңиз? Жолдошуңуз "жумушка чык" деп мажбурладыбы? Же балдарды аяп, акча-тыйынга карап эле чыгып кетсеңиз, анда бул башка маселе. Адам алгач өзүн баалаганды үйрөнүшү керек. Эгер адам өзүн сыйлабаса, аны башкалар да сыйлабайт. Экинчи жагынан башкаларды да көтөргөндү билишибиз керек. "Сен жоопкерчиликти алышың керек, сен мыктысың" деп мотивация бериңиз. Ал эми "машина алып берсем каражат табабы же башкага пайдаланабы?" деген суроону да өзүнө берип көрүңүз. Адамдын кемчилигин эле баса белгилебестен, жакшы жагын да айта билишибиз керек. Ар бир адамдын жакшы жана жаман жагы бар. "Мен" дей бергенде эгоисттиктин аркасы менен көп маселелер келип чыгат. Башкысы, милдетти туура бөлүшүп чечкен жакшы. Ал эми ушул бойдон "мен иштеп жатам" десеңиз жүрө бересиз.
Психологдун кабыл алуусунда болгон аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Кызым ооругандан кийин тилин таба албай жатам. Эненин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0