УКМК: Сокулук менен Ноокатта милициянын эки тергөөчүсү пара менен кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБСокулук менен Ноокатта милициянын эки тергөөчүсү пара менен кармалды
Сокулук менен Ноокатта милициянын эки тергөөчүсү пара менен кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Жазылуу
Эки тергөөчүгө тең "Опузалап пара алуу" беренеси менен иш козголгон.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын Сокулук (Чүй облусу) менен Ноокат (Ош облусу) райондорунун эки тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта бул иштер качан болгону так айтылган эмес.
Биринчи окуяда Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ

Бүгүн Кыргызстандын Сокулук (Чүй облусу) менен Ноокат (Ош облусу) райондорунун эки тергөөчүсү пара менен кармалды

Бүгүн Кыргызстандын Сокулук (Чүй облусу) менен Ноокат (Ош облусу) райондорунун эки тергөөчүсү пара менен кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/4

Бүгүн Кыргызстандын Сокулук (Чүй облусу) менен Ноокат (Ош облусу) райондорунун эки тергөөчүсү пара менен кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ

Маалыматта бул иштер качан болгону так айтылган эмес

Маалыматта бул иштер качан болгону так айтылган эмес - Sputnik Кыргызстан
2/4

Маалыматта бул иштер качан болгону так айтылган эмес

© Фото / пресс-служба ГКНБ

Биринчи окуяда Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д.

Биринчи окуяда Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. - Sputnik Кыргызстан
3/4

Биринчи окуяда Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д.

© Фото / пресс-служба ГКНБ

100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган

100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган - Sputnik Кыргызстан
4/4

100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган

1/4

Бүгүн Кыргызстандын Сокулук (Чүй облусу) менен Ноокат (Ош облусу) райондорунун эки тергөөчүсү пара менен кармалды

2/4

Маалыматта бул иштер качан болгону так айтылган эмес

3/4

Биринчи окуяда Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д.

4/4

100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган

"Ал М.Д.О. аттуу жарандан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.
Экинчи окуяда Ноокат РИИБдин тергөөчүсү А. у. Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.
"Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 000 сом талап кылгандыгы аныкталган", — деп маалымдалат.
Ал козголгон иштин алкагында соттун чечими менен 12-июнга чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5 тергөө абагына киргизилген.
Милициянын эки тергөөчүсүнө тең Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен иш козголгон.
УКМКдан эки тергөөчүнүн бул фактылары боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Атайын кызмат бул иштерди ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөргөн.
Жакында эле УКМК Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Ж.А.Т. аттуу тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.
Санэпид кызматкерлеринин пара менен кармалган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Кабинетке "агылган" акча. Санэпид кызматкерлеринин пара менен кармалган видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0