Жашоосу күлкү менен кайгыга толгон Мукай Элебаев тууралуу 16 факт

© Фото / из личного архива Асель ДанияровойЖазуучулар Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев. Архив
Жазуучулар Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жазылуу
Мукай Элебаев — кыргыз профессионалдык жазма адабиятынын роман жанрынын баштоочусу, өз кезегинин билимдүү жана мекенчил жигити, артисттик өнөрү, куудулдугу, адабий сынчылыгы, котормочулугу, акындыгы менен таанылган.
Биз бүгүн кыргыз кара сөзүнүн жана адабий сынынын көч баштоочуларынын бири Мукай Элебаев тууралуу 16 факт сунуштайбыз.
Туулган жери, ата теги. Мукай Элебаев 1906-жылы 15-январда (айрым булактарда 1905-жылдын январында) ал кездеги Түркстан крайынын (азыркы Ысык-Көл облусунун) Түп аймагына караган Чоң-Таш деген айылда туулган. Айтылуу Каркыра жайлоосуна кетер жолдогу, Түп суусунун боюндагы бул айылдын табияты, адамдардын сөзмөрлүгү жаш баланын жазуучу катары калыптануусуна өзгөчө таасир эткен. Ата-энеси кедей болгон деп жазылып калганы менен (совет учурунда ансыз мүмкүн эмес болчу) айтуудан атасы Элебай бий шайлоого катышып, анда Байгазак деген кишини утуп алгандыгы, таенеси да мал-алдуу киши болгондугу айтылып келет. Ал эми өмүр баяндык чыгармаларында бала 11ге чыкканда энеси, көп өтпөй атасы каза болуп, Элебайдын бир тууган иниси Элебестин карамагына өтөт.
Эл катары Үркүндө Кытайга качып барат. 1916-жылдагы улуттук-азаттык көтөрүлүшүнө катышкан элди жазалоочу отряд аткылай баштаганда качкан калк ичинде Мукай да болгон. Кытайда жүрүп зээндүү бала ал жактагы казактардын, уйгурлардын тилин бир топ үйрөнүп алган. 1919-жылы туулган жерине кайтып келет.
Алгачкы окуу жылдары. Ата-энесинен ажыраган бала малайлыкта жүргөн кезде Кеңеш өкмөтү камкордукка ала баштайт. Адегенде 1920-жылы Чоң-Ташка кошуна айыл Жылуу-Булактагы сабатсыздыкты жоюу (ликбез) курсунда кат тааныйт, 1921-жылы (кээ бир булактарды 1922-жылы) Караколдогу жетим балдар интернатына кабыл алынат, ал жерден 1924-жылдан Түп районуна караштуу Монастырь деген жердеги айыл чарба техникумуна окууга жиберилет да, анда эки жыл окуган соң, 1926-жылы, Фрунзедеги Кыргыз эл агартуу институту (педтехникум) чакыртып алат. Бул окуу жайынын ага кызыккан себеби ал кездин жападан жалгыз кыргызча басылмасы болгон "Эркин Too" гезитинин 1925-жылдын 16-февралындагы №6 санына "Зарыгам" аттуу тунгуч ыры басылып, "Канткенде табам амалын, көкүрөктөгү жаранын, алыста окуу артык деп, угамын катуу кабарын" дегендей армандуу саптары жаштар арасында өзгөчө бир гимн катары кабыл алынып турган, гезиттин ошол эле жылдагы 18-санына "Алга бас", 32-санына "Тоо жаштары", 61-санына "Арсар жигит", 65-санына "Кедей, кол сун" деген ырлары чыгып популярдуулукка жетишет. Жаңы эле ачылган педтехникумга ушундай балдарды издеп, таап, алардын шыгын ойготуп жаткан шартта Ысык-Көлдөн Мукай Элебай уулу аттуу таланттуу баланын келиши студенттер арасында чоң кызыгуу менен кабыл алынган.
Аны тааныткан да, такшалткан да педтехникум. 1926-1930-жылдарда Фрунзедеги педагогикалык техникумда окуп жатканда "Эне тилде баш турмуштун булагы, тилсиз адам карыш алга жылабы, анда эмесе бар шайманын түгөлдөп, түзөтүүнүн жаңы камын кылалы" деген бир куплет ыры окуу жайынын тил кабинетинде Александр Пушкиндин сүрөтүнүн катарында илинип турганын ошол кездин студенти Зияш Бектенов эскерет. Ал кезде кыргыз тилинен окуу китептери жок болгондуктан, казак, өзбек, татар тилдеринин грамматикасын окушчу экен, Мукай Элебаев аларды кыйналбай окуптур. Орусча да жакшы билип алыптыр. Педтехникумда ал көп жактуу талантын көрсөткөн: эки жылдай санитардык комиссиянын төрагасы болуп, ооругандарга дарыгерлерди чакырып берген, тазалыкка, мончого түшүүгө жооптуу болгон, алты айда бир жолу медициналык кароодон өткөрүп турган; ыр, хор, драма ийримдерин уюштурган, ал жерде аткарылган чыгармалардын текстин, айрым учурда музыкасын да өзү жазган; спектаклдерди даярдаганда төлөмөр билет чыгарып, ошол кездеги мамлекеттик жетекчилерди чакырып оюндарын көрсөтүп турган.
Тюндюк кыргызской юрты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2019
Турмуш — оңойго түшкөн оюн эмес! Мукай Элебаевдин кеп казынасы
Мукай – котормочу. Элебаев котормого эрте аралашкан. Орусча өтө жакшы биле бербегендиктен казак тили аркылуу бир нече чыгармаларды, анын ичинде 1930-жылы Н.В.Гоголдун "Өлүк жандарын" которуп берген. Ошондон тарта орус адабиятынын өкүлдөрүнөн Л.Н.Толстойдун "Хаджи Мурат", А.С.Пушкиндин "Өлгөн хан кызы менен жети баатыр жөнүндө жомок", Н.В.Гоголдун "Шинель", Д.А.Фурмановдун "Козголоң", "Кызыл десант", Н.Е.Короленконун "Түндөгү от", И.Франконун "Таш казуучулар", С.Я.Маршактын "Акылсыз чычкандын баласы тууралуу", И.Эренбургдун "Фашисттердин таман алдындагы Париж" ж.б. чыгармаларын кыргызча сүйлөткөн. Ал таржымалаган Чарльз Диккенстин "Бастелия туткуну" жарык көргөн.
Артист болуп кетмек... 1930-жылы педтехникумду бүтүп жатканда аны Ташым Байжиев менен кошо Кыргыз драма театрына иштөөгө чакырат. Бул алардын ырдап, хор, интермедия, сценка жазып, атүгүл обон чыгара койгондугу менен байланыштуу эле. Монастырда окуган учурда ар кандай оюн-тамашаларда аялдын ролун аткарат, Фрунзеде коюлган "Куйручук" комедиясында Айсулуу деген каармандын образын жараткан, элди тартуу үчүн көчөлөргө чапталган афишаларга "Концертке жаш куудул Мукай Элебаев да катышат" деп жазып коюшчу экен. Кырдрамга чакырганда Ташым Байжиев экөө тең ал жакка жумушка барбай коюшат, бирок кийин кез-кез арман кылып коюшчу экен.
Өңү-түсү, мүнөзү, окурмандыгы. Мукай Элебаев адамгерчиликтүү, сылык-сыпайы, тамашакөй, оюнкараак жигит болуп, бетинде бодур чаарлары бар эле. Жүргөн жери күлкү, каткырык боло турган, адамдарды түшүнүп, аларды аёону жакшы билчү. "Шум бала", "чечек" деп эркелетип коюшчу улуулар. Ал абдан эмгекчил, тил үйрөнүүгө куштар, акылы тунук жигит болгон. Бир китеп жана бир дептер колтугунан түшчү эмес. Гётенин "Страдания молодого Вертера" деген романын окуп эле калбай, конспектилеп да чыгыптыр, Фредерик Стендалдын эң эле популярдуу чыгармасы "Жизнь Наполеона" деген китебин кайра-кайра окуп турган, Гюстав Флоберди, Антон Чеховду, Леонид Леоновду, Валентин Катаевди, Владимир Маяковскийди сүйүп окуган, бир жолу түшүнө Максим Горький киргени айтылат.
Тунгуч ыр китептери. Мукай Элебаев биринчи кезекте адабиятка акын катары кирип, окууну бүткөн соң театрга жумушка барбай, басмага иштеп кетет да, чыгармачылык менен көбүрөөк алпурушуп 30-жылдарда "Ырлар жыйнагы" (1-жыйнак, 1931), "Майдан" (2-жыйнак, 1933), "Ырлардын толук жыйнагы" (1936) аттуу китептерин чыгарат. Бул топтомдорго кирген ырлар менен ал кыргыз совет поэзиясына жаңычылык алып келди, заманбап теманы чагылдырууда эркин поэтикалык форманы (эркин ырды) таап, учурдун учкул ыргагын ыр саптарына батырды. 30-жылдардын деми бийик патетикалуу, күчтүү эмоциялуу, пафостуу, декламациялык-оптимисттик маанайлуу "Биздин жаштар", "Техникага жөнөдүк", "Күрөш бүтпөйт", "Эми келди кайратым", "От араба" сыяктуу ырларында чагылдырылып, алар кыргыз жаштарын мекенчилдикке тарбиялоодо, социализмге үгүттөөдө чоң мааниге ээ болгон. СССР Жазуучулар союзу уюшулган 1934-жылы ал уюмга биринчилердин катарында мүчөлүккө катталган.
© Фото / библиотека №13 имени С. ОрозбаковаКыргызский писатель Мукай Элебаев
Кыргызский писатель Мукай Элебаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Кыргыз адабий сынынын башатында турган. Мукай Элебаев табиятынан адабияттагы эптекейлик, эстетикалык табиттин төмөндүгү менен келише албаган. Ошону үчүн да улуттук адабияттын калыптануу кезинде адабий сын өтө зарыл экендигин түшүнгөн. "Жаш жазуучулар жөнүндө бир-эки ооз сөз", "Дагы адабияттагы чириктер тууралуу", "Жаман сынчы, жалаа жабылган жазуучу", "Сында принцип, чыгармада искусство болсун", "Сына, бирок чын сүйлө" деген сыяктуу ондогон макалаларын мезгилдүү басма сөзгө жарыялаган, адабияттагы жаңы чыгармаларга өз оюн айтып турган. Касымалы Жантөшевдин "Каныбек", Түгөлбай Сыдыкбековдун "Кең-Суу" романдарына калыс пикирин билдирген, Алыкул Осмонов грузин акыны Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасын которгондо кыргыз акынынын эмгегин жогору баалаган, Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгына оң баа берген. Ал бир катар чыгармаларды негизсиз сындын дооматтарынан коргоого аракет кылган, чыгарманы эстетикалык баалуулук катары талдоо керектигин кайра-кайра кайталап айткан. Аны "кыргыз сынын түптөгөндөрдүн бири жана аны баштоочулардын эң ириси" (Советбек Байгазиев) деп айтууга толук негиз бар.
Казак адабияты менен байланышы. Мукай Элебаев алгачкы котормолорун казак тили аркылуу кыргызчага оодарган. Баарынан да ошол кезде элдин сабатын ачуунун зарылдыгын түшүнүп казак окуулуктарына окшотуп Жума Жамгырчиев менен шериктеш "Окуу китеби" деген окуулук жазып, ал 1930-жылы басылып, билим берүү мекемелерине жеткирилет. Казакчадан "Он алтынчы жыл", "Зарлык" деген эки пьесаны Жума Жамгырчиев, Касымалы Жантөшев, Зыяш Бектенов өнөктөшө которуп, аларды сахнада ойноп чыккан. Жаш жазуучу Мухтар Ауэзовдун прозалык чыгармаларын талдап келип, чоң жазуучу чыгарына үмүт байлаган. Бирок "Түнкү сыр" деген чыгармасына бир топ сын айткан. 1939-жылы июнда Алма-Атада өткөн казак жазуучуларынын II съездине чакырылып, анда чыгып сүйлөгөн сөзүндө баятан бери доклад жасагандар жаңы эч нерсе айтпаганына кейип, өзү болсо бул улуттук адабиятты казактардан кем эмес билерине мактанган. Чынында ал казакча сүйлөп жатса, таза сүйлөгөнү үчүн эч ким аны кыргыз деп ойлочу эмес экен. Габит Мусреповдун "Кыз Жибек" деп аталган төрт актылуу либреттосун, анын ичиндеги ырларды кемелине келтире кыргызча которгон, бул чыгарма кыргыз театрынын репертуарынан көп жылдар бою орун алып келди. 1938-жылы "Эр Таргын" эпосунун либреттосун да кыргызчалап койгон экен, бирок белгисиз себептен улам ал сахнада коюлбаптыр. Сапаргали Бегалин, Сакен Качкинов, Мухтар Ауэзов сыяктуу казак зыялылары менен кат жазышып турган, басмада иштеп жатканда казакча Токтогул Сатылгановдун, кыргызча Жамбыл Жабаевдин китептерин чыгарууну сунуш кылган.
Кыргыз адабиятынын керемет чыгармасы – "Узак жол" романы. 30-жылдары кыргыз адабиятына кошулган жаштардын көпчүлүгү өз башынан өткөргөн турмушту көркөмдөп жазган. Алар ушундай турмуштук көп окуяларга, тагдырларга туш келген эле. Мукай Элебаевдин ырларынын дээрлик бардыгынын лирикалык каарманы — өзү, "Кыйын кезең", "Зарлык", "Бороондуу күнү" сыяктуу аңгемелеринде да өзүн жазган. Эң негизги автобиографиялык романы, албетте, "Узак жол". Чыгарманы 1934-жылы жаза баштап, 1935-жылы басманын редакторлору романда автордун таптык көз карашы жоктугун, ата-тегинде эзүүчү таптар бар экендигин, тили тантык, стили начардыгын айтып кайтарып берет. Анан жазуучу айрым жерлерин оңдойт, ата-энесин киргизет. Ары сүр-бери сүр менен 1936-жылы биринчи китебин жарыкка чыгарган. Улуттук адабияттагы алгачкы роман болуу менен өтө көп окурманды өзүнө багындырган чыгарма кезегинде адабий коомчулук тарабынан өз баасын анчалык ала бербейт. Эгерде ага чейин жазылган көп чыгармаларда эки таптын өкүлдөрүнүн схематикалык карама-каршылыктары, караны актын жеңиш триумфу же фольклордук стилдин күчтүү таасири болсо, "Узак жолдо" ошол канон бузулду, профессионалдык адабиятка мүнөздүү турмушту реалисттик чагылдыруу, каармандын социалдык чөйрөдөгү калыптануу процессинин айкындыгы, деталдардын таамайлыгы жана кыскалыгы, мүнөз түзүүнүн ишенимдүүлүгү жана эволюциялуулугу, сүйлөп жаткан адамдардын речинин жандуулугу ишке ашырылды. Жазуучу мында сүрөткер (художник), эстетикалык табити жогору автор катары өзүн көрсөткөн. Бири-бирине чиеленишкен окуялар жана тагдырлар өспүрүм баланын айтып берген баяны болгону менен дал ошол баянда кыргыз тарыхынын эң эле бурулуш да, трагедиялуу да мезгили көркөм жалпылаштырылган.
"Бороондуу күнү" аңгемеси. Мукай Элебаев жаштайынан кыйынчылык менен жашап, эчен жолу ачкалыкка, жол азабына кабылып, эчен курдай өлүмдөн калган. Мына ошол балалыкта XX кылымдын башындагы бир күнкү окуялары ушул чакан аңгемеге сыйдырылган. Жазуучу көрүнүштөрдү куду сүрөтчүдөй тартып берет, кандайдыр бир деталдарда адамдардын мамилесин, алардын ички дүйнөсүн чагылдырат. Бул жагынан анын стили орус карасөзчүлөрү Антон Чеховго, Иван Бунинге окшоп кетет. "Бороондуу күнү" бир эле окуя, бир эле көрүнүш болгону менен анда өткөн кылым башындагы жалпы кыргыз элинин жашоо турмушу, айрым адамдардын образы типтештирилген. Азыркы күнгө чейин адабиятчылар бул чыгарманы жазуучуларга аңгеме жазуунун эталону, улуттук адабиятыбыздын кынтыксыз чыгармасы катары көрсөтүп жүрүшөт.
Ат жетелеп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2017
Улут трагедиясын чагылдырган "Узак жол" романы жөнүндө жети факты
Жазуучунун чыгармачылык өнөрканасы. Ар бир жазуучунун чыгарма жазуу процессиндеги өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү болот. "Мукай Элебаев кыргыз адабиятында алгачкылардын болуп сыза билүү искусствосун өздөштүргөн жазуучу болгон" (Советбек Байгазиев). Зайыбы Бурулча "бир нерсени бүтүшү тозок, токсон оңдоп, токсон көчүрчү" деп айткан, "Айдар" пьесасын бир нече вариантта жазган, айрым кара сөз чыгармаларынын үчтөн-төрттөн, кээ бир ырларынын бештен-алтыдан варианттары бар экен. Омор Соороновдун иликтөөсүнө караганда, "От араба" деген ыры адегенде 240 сап болуптур, анан сызып-сызып отуруп, 67 сабы гана калыптыр, "Техникага жөнөдүк" деген ыры "Зор кадам" аталып 131 саптан 33 сапка түшүрүлүптүр. Ал өзү да ашыгып жазып, чыгармага "ат үстүнөн" мамиле кылууну жактырбаган, атүгүл мындай жазган авторлорду сындап турган.
Жазуучуга кылынган кыянаттыктар. Мукай Элебаевди түз жүргөнү, сынчылдыгы жана таланттуулугу үчүн көрө албас "достору" чыкты. Бул сталиндик репрессия жылдарынан башталган окшойт. Ырларын жамааттык жыйнактардан алып салып, котормолорун, оригинал чыгармаларын чыгаруу үчүн басмалар келишим түзбөй туруп алат, беш хордун текстин обону менен чыгарса, аларды граммофондук жазууга атайын жаздырбай коюшат. 1939-жылы 17-январда НКВДга суракка чакыртат. Карыздары көбөйөт, эс алууга жолдомо, атүгүл отпуск да беришпейт. Бир гана тар бөлмөлүү батирде жашайт. 1940-жылы ушул абалын "Тартыш" деген пьесасында чагылдырган сыяктанат, керт башын ойлогон мектеп директору Качкын жана ак ниет, күрөшчүл мугалим Айдардын тиреши менен өзүнө ор казып аткан кайсы бир "көрүнбөс колдун" элесин берген. Албетте, бул пьесасы да элге көрсөтүү үчүн кабыл алынбай калган. 1942-жылы март айындагы жазуучулардын бир жыйынында даанышман каармандын жакшы жашашы үчүн эки гана нерсе керек: же гений болуу, же жулик болуу, ортодо чынчыл болуу эч нерсеге арзыбайт деген сөзүн өзүнүн ички бугу, таарынычы катары айтып салган.
Согуш учурундагы ырлары жана аскерге алынышы. Улуу Ата мекендик согуш башталары менен Мукай Элебаев патриоттук чыгармаларды активдүү жазган авторлордун бири болгон. Анын "Улуу марш" аттуу ыры майданга аттанган жигиттердин бейрасмий маршы катары кызмат кылган. 1943-жылы үйүнө аскер комиссарлыгынан чакыруу келгенде ал филармониянын артисттери менен Ат-Башыда концерт коюп жүргөн экен. Тез кайтат. Келери менен аскерге алынат. 1943-жылдын 19-ноябрында аялына жазган катында бир акмактын айынан согушка алынганын, жазуучуларды алалап чакыртканын жазса, 1944-жылдын 21-январдагы катында жазуучу деген кагазы жок кендири кесилип жүргөнүн кан какшап кагазга арман кылып төгөт. 1944-жылдын 1-апрелинде жазган катында Ленинградга келгенин, Кыргызстандан кабар билбегенин, жубайынан да кат албаганын айтат. Бул арманын билдирген акыркы каты экен. 1944-жылы 15-майда 267-аткычтар полкунун аткычы катары согушуп жатып Ленинград облусунун Псков районунда каза болгондугу, сөөгү Ланева Гора деген кыштакка коюлгандыгы тууралуу кара кагаз келет. Уруш жылдарында "Салам кат" (1941), "Улуу марш" (1943) деген эки жыйнагы чыгат, майданда согушуп жүргөн жоокерлердин ой-тилектери "Алыста калган жарга", "Согуштан кат", "Көрүшөрбүз бир күнү", "Ала-Тоодон кат", "Тилек" деген ырларында өтө таамай, так берилген.
Мукай Элебаевдин чыгармаларын изилдөө, ысымын аздектөө. Жазуучунун чыгармачылык бөтөнчөлүктөрүн Байдылда Маленов, Күлүйпа Сабаева, Кеңешбек Асаналиев, Камбаралы Бобулов, Качкынбай Артыкбаев, Салижан Жигитов, Евгений Озмитель, Абдыганы Эркебаев, Советбек Байгазиев изилдеп чыкты. Анын жарыяланбаган чыгармаларын, күндөлүктөрүн адабиятчы Омор Сооронов чоң мээнет менен элге жеткирди. Түп районуна караштуу Талды-Суу орто мектебине, Базар-Коргон районундагы №1 орто мектепке, Сузак районундагы бир мектепке, борбор калаадагы көчөгө Мукай Элебаевдин ысмы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу прозалык мыкты чыгармаларга берилүүчү Мукай Элебаев атындагы сыйлыкты негиздеп, анын биринчи лауреаты Арслан Койчуев "Беделдеги каргыш" ("Мисмилдирик") романы үчүн татыктуу болду (2023). Бирок өмүр соңунда кандай армандуу жашаса да, ошондой эле артында калган мурастары азырга чейин армандуу турат: көп томдук чыгармалары, жазуучу тууралуу эскерүүлөр, адабий изилдөөлөр чыга элек, жарытылуу эстелиги да тургузулган жок.
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Жетим өсүп, өз киндигин өзү кескен. Акын Шайлообек Дүйшеев жөнүндө 6 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0