"Узак жол" — улуттун трагедиясын чагылдырган чыгарма. Жазуучу кыргыз элинин башына түшкөн 1916-жылдагы оор трагедиялык тагдырды, бир чети падыша өкмөтүнүнүн кысмагында, экинчи жагынан Кытайга качып кыргынга учураган тарыхый чындыкты чагылдырат. Романдагы сюжет улуттук көтөрүлүшкө чейинки элдин жашоосу, көтөрүлүштүн өзү жана Кытайга качкан кыргыз элинин тагдыры жөнүндө.
Автобиографиялык же мемуардык чыгарма. Романда 11 жаштагы бала Мукайдын жан дүйнөсү аркылуу бардык окуя өнүгөт. Ал 1914-1929-жылдар убагындагы элдин турмушун өз үй-бүлөсүнүн тагдыры аркылуу чагылдырган. Мында каармандардын ички абалы жогорку чеберчиликте көрсөтүлгөн. Жазуучу чыгармадагы окуяларды өз башынан кечирген. Бөтөн эл, бөтөн жерге эл менен бирге барып, адам чыдагыс оор күндөргө туш болгон.
Ички дүйнөнү аңтарган эпизоддор. Романды окуп баштаганда эле энесинин өлүмүн сүрөттөгөн каармандын жашоосу башталат. "Энем да күндөгүдөй эмес, көздөрү коркунучтуу, чарасынан чыгып, көкүрөгү кырылдап, билинер-билинбес дем алып, улам жоошуп кетип баратат", — деген саптар окурманды селт эттирет. Он бир жашынан жетим калган баланын өмүрүндө узак жол басышы ушул узун турмуштук жолдогу каармандын тагдыры менен жалпы элдин тагдырын чагылдырган оор мезгилди шарттайт.
"Узак жол" — өксүткөн өлүмдөн тарта тилекке жеткен сапар. Романдын көркөм дүйнөсү 11 жаштагы баланын башынан өткөргөн кайгылуу-кубанычтуу күндөрүн, жан дүйнөсүндөгү толгонуулар сүрөттөөдөн башталат. Анын сырткы чөйрөдөн жапа чегишин, ошондой болсо да жакшылыктан үмүт үзбөй келечекке умтулуусун, бала болсо да алдыга койгон максатына жетүүгө аракеттенүүсүн баяндайт.
Роман алгач ирет 1936-жылы жарык көрөт. Ушул басылышында автор бүткөн чыгармасын романдын биринчи китеби деп атаган. Бирок ар кандай себептер менен романдын экинчиси бүтпөй калды. "Узак жолдогу" окуяны андан ары улаган бөлүктөр "Кыйын кезең" (1938), "Бороондуу күнү" (1939), "Зарлык" (1941) деген өз алдынча аталыш менен аңгеме, повесть катарында жарыяланган. Бир катар маалыматтарда романдын 1934-жылы жазылгандыгы айтылат.
Маалыматтар ачык булактардан алынды. Фактыларга адабиятчылардын, сынчылардын эмгектери пайдаланылды.