Жетим өсүп, өз киндигин өзү кескен. Акын Шайлообек Дүйшеев жөнүндө 6 факты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев. Архив
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Жазылуу
Бүгүн Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин туулган күнү. Калемин колунан түшүрбөй, поэзияга башын байлаган акын 73 жашка толду.
Чарчабаган калемгер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Дүйшеев жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
Жетим өскөн. Акын Шайлообек Дүйшеев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында 1950-жылы 23-февралда жарык дүйнөгө келген. Үч жашында атасы катуу сыркоолоп каза таап,кичинекей чүрпө апасы жана чоң энеси менен калат. Бирок көп өтпөй 23 жаштагы жесир келин баласын кайненесине таштап төркүнү тарапка кетип калат. Бала кемпирдин колунда өсүп, тарбия алып чоңойгон. Жаштайынан көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, жылаңайлак чоңойгон Шайлообек 13 жашка чыкканда жалгыз таянар тоосу болгон чоң энесинен ажырап,эже-жездесинин колунда калган. Ал кезде жаш талант үйүнөн алты чакырым алыстыктагы мектепке жөө барып билим алчу.
Отунбаеваны сүйгөн студент. Окууну бүтөрү менен аскерге кызмат өтөгөнү кетип, кичи мекенине кайтып келгенде куруучу болуп иштеген. Кийин райондук гезитте кабарчы болуп эмгектене баштаган. Өз киндигин өзү кескен акын Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүндө окуган. Жогорку билим алууга далалат кылган студентке Москвадан ЖОЖду жаңы бүтүп келген, эгемен Кыргызстандын болочоктогу президенти Роза Отунбаева да сабак берчү. Элеттен келген жигит аны жактырып калган, бирок ичиндеги сезимин мугалимине айтууга дааган эмес. Кийин Дүйшеев кайра Нарынга келип 1980-жылдары "Нарын правдасы" гезитинде кабарчы, облустук телерадиокомитетинде редактор болот.
© Фото / из личного архива Шайлообека ДуйшееваЖогорку билим алууга далалат кылган Дүйшеевге Москвадан ЖОЖду жаңы бүтүп келген, эгемен Кыргызстандын болочок президенти Роза Отунбаева да сабак берчү
Кыргызский народный акын Шайлообек Дуйшеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Жогорку билим алууга далалат кылган Дүйшеевге Москвадан ЖОЖду жаңы бүтүп келген, эгемен Кыргызстандын болочок президенти Роза Отунбаева да сабак берчү
Жатаканадагы редактор. Чыгармачылыгын борбордо уланткысы келген акын 1983-жылы Фрунзеге келип үй-бүлөсү менен жатаканада жашап, филармониянын адабий бөлүмүн да жетектеп иштеген. Ал жакта ырчы, обончу, аткаруучулар менен камыр-жумур болуп акындык өнөрү күчөгөн. Өлкө эгемендүүлүк алган жылдары "Ала-Тоо", "Кыргызстан маданияты", "Асаба", "Агым" басылмаларында эмгектенип, курч макалаларын жарыялаган.
Поэзияга арбалган өмүр.Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты поэзияга болгон кадамы мектепте окуп жүргөндө кыздарга арнап жазган ырларынан башталганын эскерет. Кийин "Аптап", "Кайдыгерлик" ырлар жыйнагы миңдеген нуска менен чыгып, атагы алыска кеткен. Чыгармачылык жолунда башкалардан айырмаланган кошок, дастан, поэма, лирика жана публицистикалык ырларын жараткан. Анын бир топ чыгармалары обонго салынып, эл арасында (“Фаридам”, “Жалгыздыктан жадап бүттүм”, “Сакта”, “Ата мекен”, “Мекеним сенден башталат”, “Адашкан жамгыр”) ырдалып келет.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев2011-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон
Народный акын Кыргызской Республики Шайлообек Дуйшеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
2011-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон
Акын 2013-жылы кара сөз менен чыгарма жаратууга бел байлап, үч айда көлөмдүү "Агындылар" чыгармасын окурмандарга сунуштаган. Ал эмгек элдин колунан он жылдап түшпөй окулуп, суроо-талап күчтүү болгондуктан бир нече жолу басылып чыкты.
Эмгектинжемиши. Кыргыз эл акыны, II жана III даражадагы Манас ордени менен сыйланып, КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгын алган. Ошондой эле "Манас" эпосунун негизинде жазылган "Эки дөөнүн кармашы" аттуу поэтикалык чыгармасы үчүн 2011-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.
© Фото / из личного архива Шайлообека ДуйшееваАзыр байбичеси менен дөөлөттүү карылык сүрүп уул-кыздарынын колунда
Кыргызский народный акын Шайлообек Дуйшеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Азыр байбичеси менен дөөлөттүү карылык сүрүп уул-кыздарынын колунда
Котормочу жана чоң ата.70 жаштан өткөн Шайлообек Дүйшеев узак убакыт бою радиого"Сөз дайра", "Басма сөзгө баяндама" уктурууларын даярдап, макалаларды жазып иштеген. Азыр котормочулук менен алектенип Сергей Есенин, Александр Пушкин, Иван Крылов, Николай Рубцов, Александр Блок, Михаил Лермонтовдун чыгармаларын кыргызчалап, жаңы чыгармаларды жаратуу менен алек. Акын байбичеси Зейне менен үч кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн. Азыр экөө дөөлөттүү карылык сүрүпуул-кыздарынын колунда.
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, таланттуу актриса Бакен Кыдыкеева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Кыргыз элинин багына жаралган талант. Бакен Кыдыкеева жөнүндө 5 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0