Турмуш — оңойго түшкөн оюн эмес! Мукай Элебаевдин кеп казынасы

Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет жазуучу жана котормочу Мукай Элебаевдин кеп казынасын сунуштамакчыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Мукай Элебаев 1906-жылы Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Ата-энесинен эрте айрылып жетим өскөн. 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, ал жактан Көл өрөөнүнө жаңы бийлик орноду деп уккан эл менен кошо жөө-жалаңдап 1917-жылы кайтып келет. Ошол жылдардагы саясий өзгөрүүлөргө чейинки карапайым кыргыз элинин турмушун жазуучу автобиографиялык мазмундагы "Узак жол" аттуу романында баяндаган. 1921-жылы Мукай Элебаев Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу интернатка кабыл алынып, Түп районуна караштуу Монастырь деген жердеги айыл чарба техникумуна кирет. Ал жакта үч жыл билим алган соң Фрунзедеги борбордук педагогикалык техникумга келип 1930-жылга чейин окуйт.

Кыргыз тил илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири, акын, драматург, агартуучу Касым Тыныстановдун жана кыргыз совет тилчиси Кусеин Карасаевдин айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Махабат — кырдан качкан кызыл түлкү... Касым Тыныстановдун кеп казынасы
Элебаевдин "Зарыгам" аттуу тунгуч ыры 1924-жылы "Эркин Too" гезитине жарык көргөн. Негизи жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары автобиографиялык мазмунга ээ. Аларга "Узак жол" менен катар "Кыйын кезең", "Зарлык", "Бороондуу күнү" сыяктуу аңгемелери жана ырлары кирет. Элебаев чебер котормочу да болгон. Ал орус адабиятынын классикасына айланган Гоголдун "Шинель", "Өлүк жандар", Толстойдун "Хажы Мурат", Пушкиндин "Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу" сыяктуу чыгармаларын, ошондой эле Горькийди, Маяковскийди, Франкону, Сурковду кыргызчага которгон.

Мукай Элебаевдин кеп казынасы:

"Адам өмүрдө кыйынчылыкты, каршылыкты канчалык көп кечирсе, ошончолук чыдамкай, мыкты, бекем болуп отурат. Турмуш — оңойго түшкөн оюн эмес. Качан да болсо каршылыктан, кыйынчылыктан кайтпаган адам гана бактылуу. Буга каршы тура албай кайра тартуу — жеңилгендиктин белгиси.

— Бул да бир күн унут болор, балам. Көргөн-билген — баары тең артта калмак. Мал да, дүнүйө да эч кимге опо болбойт…" ("Бороонду күнү" аңгемесинен)

***

— Бөрк алдында не болбойт. Дос, душманды айрып жүр. Колуңдан келип турганда бөйпөңдөп, бак тайган күнү баса берген киши дос болбойт... ("Бороонду күнү" аңгемесинен)

***

"Ал кезде биздин эң ардактуу тамагыбыз — талкан эле. Алар качан чай ичкен сайын биз көзүбүздү жалдыратып, карап отургандан кийин Элебес бир кезде сыйрасы менен алаканыбызга бир кашыктан талкан салып берип коюучу. Талкандуу кашык келип колубузга тийгенде, анын ичине талкан жабышып, кайра кетип тургандай, кашыктын учун бир топко бошотпой, колубузду батыра кырып, жуктап кетебиз..." ("Узак жол" чыгармасынан)

***

Ошол, мүнөт сайын өлүм күтүп, ажал алкымдап турган кездерде, өлүп кетсе арманы жок эле... Ошол замандагы кыйын жылдардан өтүп кылчайып караса, баскан жолуна бүгүн таң калат. Экинчиден өзүн зор бактылуу самап, өткөнгө бу күндө күлүп гана коёт... ("Кыйын кезең" чыгармасы)

***

Кыйын кыстоо, миң жорукка белчеден,
Жедеп бышып, көнгөн элим эзелден.
Теңдеши жок кандай күчтүү болсо да,
Баш урунуп, багынбайбыз эч кимден.

Жаңылыктар түрмөгү
0