Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Адис: төрөлө турган баланын жынысын алдын ала эсептеп аныктоо мүмкүн эмес

© Фото / Диана МосквитинаДарыгер, эмизүү суроолору боюнча адис Бактыгүл Кылычбекова
Дарыгер, эмизүү суроолору боюнча адис Бактыгүл Кылычбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Жазылуу
Дарыгер, эмизүү суроолору боюнча адис Бактыгүл Кылычбекова келечектеги баланын жынысын алдын ала эсептеп аныктоо мүмкүн эместигин айтты.
Келечектеги баланын жынысын аныктоо үчүн бойго бүтүрүү эрежелери жана жолдору боюнча ар кандай талаш-тартыш ойлор бар. Чындыгында уулдуу же кыздуу болгусу келген үй-бүлөлөр четтен чыгат. Ошондуктан алар үчүн аталган маселе абдан маанилүү. Бул тууралуу Бактыгүл Кылычбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Адис: төрөлө турган баланын жынысын алдын ала эсептеп аныктоо мүмкүн эмес
Анын айтымында, азыркы учурда илим алдын ала баланын жынысын аныктай ала тургандай деӊгээлге жете элек.
"Бизде эркек жана кыз деген эки гана жыныс болгондуктан алдын ала айтуулар көп учурда туура чыгат. Анткени экөөнүн бирин тандап коесуң. Мага да кыз же уул каалап жатам деп кайрылгандар бар. Мисалы, минтип иштеген адамдар күйөөсү менен аялынын туулган датасы, аялдын акыркы айызынын канча күн келгени жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды чогултуп, иштеп жаткандай иллюзия калтырат. Алар 98 пайыз гана кепилдик бергендиктен эгер санаганы боюнча уул же кыз төрөлбөй калса, "кечиресиз, сиз жанагы эсептөөгө мүмкүн болбогон эки пайыз жуптардын катарына кирип калдыӊыз" деп коет. Андай кызмат көрсөткөн баракчаларды карасаӊыздар аябагандай сонун пикирлер, ыраазычылык билдирүүлөр жазылган. Албетте, мындай "адиске" 100 киши кайрылса, алар 30унун болочок баласынын жынысын кокусунан таап алат. Болгону блогуна нааразычылык айтылган пикирлерди чыгарбайт. Төрөлө турган баланын жынысы атанын уругу менен эненин жумурткасындагы жыныстык хромосомалардын биригишинен көз каранды. Эркектин сперматозоиди X жана У хромосомаларын, ал эми аялдын жумурткалары X хромосомаларын гана алып жүрүшөт. Эркек жана ургаачы хромосомаларынын биригүүсүнүн натыйжасында ХХ хромосомаларынын топтому бар кыз, XY хромосомаларынын топтому бар болсо эркек бала төрөлөт. Баланын жынысы үчүн атасы гана жооп берет, ошондуктан кээ бир үй-бүлөлөрдө жалаң кыз же уул төрөлөт. Андан тышкары, кайсы сперматозоид биринчи жумурткага кирсе ал түйүлдүк болот деген да пикир бар. Бул да туура эмес. Жумуртканын генотибинен эӊ көп айырмаланган сперматозоид биринчи жумурткага түшөт. Биз үчүн айырмалануу абдан маанилүү. Мисалы, Рим империясында, Египетте аталаш туугандар үйлөнүп, балалуу болгондо дайыма майып же ырайы суук болуп калышкан. Эмнеге? Анткени жаратылыш негизинен эле окшоштукту жаман көрөт. Табият ар бирибизди индивидуалдуу кылып жараткан. Андыктан бул процесске кийлигишүү мүмкүн эмес", — деди Кылычбекова.
Ал түйүлдүк кезинде амниотикалык суюктукту анализдеп, бир гана генетикалык жол менен баланын жынысын билсе болорун (ал да 70 пайыз туура жыйынтык берет) кошумчалады. Бул процедура гемофилия оорусу бар аялдар кош бойлуу болгондо, дал ошондой диагноз менен эркек бала төрөбөшү үчүн алдын ала жасалат. Себеби гемофилиясы бар энеден сөзсүз түрдө аталган оору менен эркек бала төрөлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0