Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дыйкан-фермерлерге өкмөттөн 150 миң сом гана жеңилдетилген насыя берилет

© Sputnik / Елена ЯковлеваАйыл чарба министрлигине караштуу аткаруу жана контролдоо башкармалыгынын башчысы Эмилбек Кыдыкманов
Айыл чарба министрлигине караштуу аткаруу жана контролдоо башкармалыгынын башчысы Эмилбек Кыдыкманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигине караштуу аткаруу жана контролдоо башкармалыгынын башчысы Эмилбек Кыдыкманов "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбоорунда бир кардарга берилүүчү насыянын көлөмү төмөндөтүлгөнүн айтты.
Дыйкан, фермерлер "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбоорунун алкагында эми күрөөсүз 150 миң сом гана жеңилдетилген насыя ала алат. Буга чейин айылдык товар өндүрүүчүлөр бул программанын жардамы менен 300 миң сом өлчөмүндө 6 пайыздык чен менен насыя алып келишкен. Бул тууралуу Эмилбек Кыдыкманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Дыйкан-фермерлерге өкмөттөн 150 миң сом гана жеңилдетилген несыя берилет
Анын айтымында, өткөн жылы фермерлер күрөө коюп 1 миллион сомго чейин насыя алса, эми 500 миң сом гана каражат берилет.
"Министрлер кабинетинин токтому менен "Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбоору бекитилип, каржылоо жүрүүдө. "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбоорунда буга чейинки программаларга караганда көп өзгөрүүлөр болду. Долбоордун алкагында эми күрөөсүз 150 миң сом гана жеңилдетилген насыя ала алат. Буга чейин айылдык товар өндүрүүчүлөр бул программанын жардамы менен 300 миң сом өлчөмүндө 6 пайыздык чен менен насыя алып келишкен. Мындан тышкары, күрөө коюп 1 миллион сомго чейин насыя берилип келсе, эми 500 миң сом гана каражат менен чектелет. Жеңилдетилген насыя көп кишиге жетпей калып жаткандыктан каражаттын көлөмүн азайтуу чечимине келдик", — деди Кыдыкманов.
Ошондой эле адис кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында коммерциялык банктар атайын мониторинг жүргүзүп, отчёт даярдай тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0