Улуттук банк долларды нак алган банктар кандай комиссия койгонун билдирди

© AFP / OZAN KOSEАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Жазылуу
Кыргызстандын банктары долларды Түркиядан, Бирикен Араб Эмирлигинен жана Гонконгдон сатып алат, бирок ал жакта комиссия бир топ эле кымбат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Банктардан долларды чыгарып алгандагы комиссия 0,5тен 3 пайызга чейин болорун Улуттук банк билдирди.
Башкы регулятордон, мыйзамга ылайык, банктар көрсөткөн кызматы үчүн комиссиянын көлөмү менен тарифтерди өздөрү коюп алса болорун белгилешти.
"Нак эмес чет өлкө валюталары менен операциялар жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча коммерциялык банктар тарабынан каалаган көлөмдө жана эч кандай чектөөсүз жүргүзүлөт", — деп айтышты Улуттук банктан.
Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдар менен чет өлкө валютасын накталай берүү боюнча учурдагы комиссияларды кароо, калкка банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маселелери боюнча үзгүлтүксүз иш алып барып жатканын кошумчалады.
Мындан мурдараак Кыргызстандын банктар союзу Украинадагы кризиске байланышкан геосаясий процесстер көп өлкөлөрдө финансылык өз ара алака-катнаштын бузулушун шарттаганын белгилешкен. Анын кесепетинен чет элдик валютага суроо-талап накталай түрдө да, нак эмес түрдө да кескин өсүп, долларды ташуу процесси ыраатынан чыккан (адатта Россиядан, Казакстандан келчү).
Кыргызстандын коммерциялык банктары чет элдик валютаны Түркиядан, Бирикен Араб Эмирлигинен жана Гонконгдон сатып алат, бирок ал жакта комиссия бир топ эле кымбат. Тагыраагы, 2ден 5 пайызга чейин болот.
АКШ доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Былтыр КРден 2021-жылга караганда 638 миллион долларга көбүрөөк акча которулду
Жаңылыктар түрмөгү
0