Былтыр КРден 2021-жылга караганда 638 миллион долларга көбүрөөк акча которулду

© Фото / Pexels / Tima MiroshnichenkoАКШ доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
АКШ доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Жазылуу
Кеп жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Былтыр Кыргызстандан 1 миллиард 200,7 миллион доллар сыртка которулган. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Кеп жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат.
Буга чейин 2021-жылы рекорддук сумма (562,8 миллион доллар) которулган.
Негизги көлөм салттуу түрдө Россияга туура келет (927,7 млн доллар). Бирок КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн үлүшү өстү.
Салыштыруу үчүн 2005-жылдан 2022-жылга чейинки маалыматтарды карап көрөлү:
Түркияга жалпысынан 246,9 миллион доллар которулса, өткөн жылы анын 230,5 миллион доллары которулган. Башкача айтканда, 16 жылдын ичинде 16 миллион доллардан бир аз көбүрөөк болгон;
2005-жылдан бери Германияга 18,9 миллион доллар кетсе, өткөн жылы 10,5 миллион доллар которулган;
Ошол эле мезгилде АКШ 33,2 миллион доллар алган, анын 11,6 миллион доллары же үчтөн бир аз көбү 2022-жылга туура келет.
Ошого карабай Кыргызстанга сыртка жөнөтүлгөндөн алда канча көп акча келет. Мисалы, 2022-жылы 2,9 миллиард доллардан ашты (рекорддук көрсөткүч).
Акча. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Кыргызстандагы банктар өткөн жылы 5 эсе көп киреше тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0