ЕК башчысы: алдыдагы апталар Украинадагы чатак үчүн чечүүчү учур болот

© AFP / SERGEI SUPINSKYЕвропа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель
Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2023
Жазылуу
Шарль Мишель жакында боло турган окуялар алардын "келечегин аныктаарын" билдирген.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Алдыдагы эки-үч апта Украинадагы чатак үчүн чечүүчү учурлардан болот. Бул туурасында Европа кеңешинин төрагасы (президент) Шарль Мишелдин айтканын РИА Новости жазды.
"Жакынкы эки же үч жума чечүүчү мезгилдерден болот. 2023-жылы боло турган окуялар жакынкы жумаларга байланыштуу. Алар биздин келечегибизди аныктай турчу учурлар", — деген ал.
Европа кеңешинин башчысы Испаниянын El Mundo басылмасына берген маегинде Батыш мамлекеттери Украинага жардам көрсөтүшү керек деген пикирин билдирген.
Европа кеңеши — Европа биримдигинин мүчөлөрү болгон мамлекеттердин президенттеринен жана премьер-министрлеринен турган ЕБдин жогорку саясий органы.
АКШнын Украинага аскерий жардамы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Украинанын Крымга сокку урушу үчүн курал берүүнү караштырып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0