Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга 26-январда келери айтылды

© Фото / пресс-служба президента Республики УзбекистанӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн башчысы Кыргызстанга өткөн жылдын 10-декабрында келмек.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 26-январда келет. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Алгач өзбек лидеринин өлкөгө өткөн жылдын 10-декабрында келери айтылган. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлмөк.
Бирок мамлекеттик сапардын мөөнөтү жылып, Мирзиёев Кыргызстанга 2022-жылдын аягына чейин келери айтылган болчу. Сапарды жылдыруунун себеби айтылган эмес.
Узбекистан президенти  Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары жылды
Жаңылыктар түрмөгү
0