Давос форуму да Россияны алсыратууга багытталганбы? Пикир

© AP Photo / Markus SchreiberДавостогу экономикалык форум
Давостогу экономикалык форум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2023
Жазылуу
Давостогу форум башталбай жатып эле анда РФке санкциялардын онунчу топтомун салуу туурасындагы билдирүүлөр жаңырды. Болгондо да расмий түрдө, себеби Европа биримдиги жана анын аткаруучу органы – Европа комиссиясынын жетекчилигине шилтеме жасалууда.
Елена Караева
Серепчи Елена Караева чынында мындай дал келүү да тегин жерден эмес, анткени Европа өлкөлөрүнүн экономикасынын ар бир тармагына, ал тургай тургундарына катуу таасир этип жаткан түз экономикалык кысым көрсөтүүнүн деле мүмкүнчүлүктөрү калбай барат деген ойду ортого салат. Автордун кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Эми санкцияларды ойлоп тапкандарга жөнөкөй тургундарды эмес, корпорацияларды катуу кыйноого салууга туура келет өңдөнөт. Россиялык атайын операция башталгандан бери европалыктар (америкалыктар эмес, дал ошолор) саясатчылардын чечимдеринин кесепетин жон териси менен сезип, болуп көрбөгөндөй инфляция шартында жашап, электр жарыгы өчүп калбагай экен деген санаа менен күн көрүшүүдө.
Ошол эле убакта биржалар, эң оболу америкалык, ар кандай DOW (АКШнын ишкердик активдүүлүк индекси), Nasdaq, S&P жана ар кандай NYSE өңдүү көрсөткүчтөр абдан жогору. Баалардын жогорулашы 18-30 пайыздын тегерегинде болду.
Европа аймагындагы глобалисттер жараткан геосаясий каатчылык континенттеги калктын турмушун начарлатып, бирок акционерлерге төлөнчү дивиденддердин көлөмүн көбөйттү. Айталы, Лондон тооругунун инвесторлорунун кылы кыйшайган жок. Банктар, камсыздоочу корпорациялар (чемпиону — Lloyd"s, ал атаандаштарынын баарын кысымга алып, натыйжада алар россиялык мүлктү камсыздоо жана кайра камсыздоо менен алектенүүнү токтотушту) жана инвестициялык фонддордун да жагдайы жакшы. Аларда да акционерлердин энчилери эбегейсиз. Болгону карапайым жашоочулар гана азык сатып алсамбы же электр жарыгынын акысын төлөсөмбү деп баш катырып, акыркы акчасын саноого аргасыз.
Давоско негизинен геосаясий каатчылыктын башкы "демилгечилери" деп аталууга татыктуу өкүлдөр топтолду. Алар ийне-жибине чейин даярдап, баарын дыкаттык менен шыкактап да турушту. Давоско бардык божомол, баалоо, жоромолдордун баарын кылдаттык менен окуп, эртели-кеч жагымсыз көрүнүшкө кабыларын туйгандар барды. Анткени, алардын Россияны жазалоо аракетинен майнап чыккан жок. Өтө кымбат акы алган пиарчылар форумду коомчулукка канчалык жакшы өңүттө көрсөтүүгө тырышса да, иш жүзүндө Давос – глобалисттердин экспансияны өрчүтүү пландары иштелип чыга турган башкы штаб. Мында майда-чүйдө нерсе жок. Жүз миллиарддаган инвестицияларды бөлүштүрүү коомдун колдоосуна муктаж. Климаттын өзгөрүшү менен күрөшкө аттанган Грета Тунберг эсиңиздедир, ошол сымал каармандарды жаратып, алар сүйлөй турган аянтчаларды да түзүп беришет. Ал эми табигый ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар рыногу өз ара бөлүштүрүлүп, банктарда жашыл облигацияларды чыгаруу маселеси дээрлик чечилген соң, аларга Тунбергдин кереги жок. Анын ордуна бүгүн Давосто ушундай өзгөрүүнүн үзүрүн көрө тургандар отурат.
Пандемия убагында форум бирде жылып, бирде онлайн режимде өтүп турду. Америкалык корпорациялар тарабынан чыгарылып, жарнамаланган РНК-вакцина ковидди толук жое албады, анткен менен кыйла акча таап алышты. Европа биримдиги эле эмдөө препаратын он миллиарддаган еврого сатып алганы маалым.
Быйылкы форумдун расмий программасы, сөзгө чыккандардын тизмесине үңүлсөк, глобалисттик элитанын гимни сыяктуу туюлат. Арасында Эл аралык валюта фондунун директор-бөлүштүрүүчүлөрү, Европа борбордук банкынын президенттери, ири корпорациялардын башчылары бар. Алар экологияга кам көрүүгө баш катырары арсар, өздөрү жеке учак, ал эми шарты оор аймактарга тик учактар менен учушат.
Сарамжалдоо маселесиби? Бул аталган чөйрөгө дегеле жат түшүнүк, алардын тынчтыгын коргогон аскердик контингент эле беш миң кишиден кем эмес. Давостун өзүнүн калкы андан эки эле көп болсо керек.
Давоско чогулуп, Альпы чокуларына суктанып, таза тоо абасынан кере-кере дем алып жаткандар өздөрүн кантип байытып, ал эми калгандарын кантип мурдагыдан да жакырдантууну чечишет. Россия туурасында сөз болору айдан ачык. Мамлекетти кыйратуу пландарын канча курушса да, андай аракеттердин баары өздөрүнө зыян келтирери шексиз. Жок кылуу пландарынын мизи ыкчам кайтарылат.
Россиянын борбордук банкы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2023
Батышта Россия экономикасынын бекемдигинин үч себеби айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0