Унутулгус образдар, бийик чеберчилик. Советбек Жумадыловдун сүрөттөгү элеси
Унутулгус образдар, бийик чеберчилик. Советбек Жумадыловдун сүрөттөгү элеси
Sputnik Кыргызстан
Быйыл белгилүү театр жана кино актеру Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул датага утурлай таланттуу инсандын сүрөттө... 07.12.2022, Sputnik Кыргызстан
Советбек Жумадылов 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тепке айылында жарык дүйнөгө келген. Мугалимдикти аркалагысы келген өспүрүм 7-классты аяктаган соң Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайга тапшырган. 1948-жылы шаарга таланттуу балдарды издеген атайын комиссия келип, жаш талантка Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна тапшыруу сунушун берет. Ошентип чыгармачылыкка кадам ташталган. Өзбекстандан окуп келгенден кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына кирип, ал жакта 50 жылга жакын эмгектенген.Кыргыз ССРинин эл артисти чыгармачылык жолунда 40ка жакын тасмада роль аткарып, театрда Семетей, Бакайдан баштап Отелло, Ричард, Омар Хаямга чейинки ондогон образды жараткан.Улуу актер, залкар талант 2001-жылы борбор калаада 68 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.Тема боюнча:
Быйыл белгилүү театр жана кино актеру Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул датага утурлай таланттуу инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Советбек Жумадылов 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тепке айылында жарык дүйнөгө келген. Мугалимдикти аркалагысы келген өспүрүм 7-классты аяктаган соң Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайга тапшырган. 1948-жылы шаарга таланттуу балдарды издеген атайын комиссия келип, жаш талантка Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна тапшыруу сунушун берет. Ошентип чыгармачылыкка кадам ташталган. Өзбекстандан окуп келгенден кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына кирип, ал жакта 50 жылга жакын эмгектенген.
Кыргыз ССРинин эл артисти чыгармачылык жолунда 40ка жакын тасмада роль аткарып, театрда Семетей, Бакайдан баштап Отелло, Ричард, Омар Хаямга чейинки ондогон образды жараткан.
Улуу актер, залкар талант 2001-жылы борбор калаада 68 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов иш үстүндө. "Алтын күз" фильми.
"Бакайдын жайытын" тартуу учуру. Боз үйдүн жанында эс алган Төлөмүш Океев, Советбек Жумадылов жана монтажер Ракия Шершенова. 1966-жыл, Суусамыр жайлоосу.