8-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКар жааганда кол чатыр менен адам. Архив
Кар жааганда кол чатыр менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Жазылуу
Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад жергесинин көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта -1...-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -4...+1, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...-5, Нарын аймагында -2...-7 градус суук болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -3...-5, Ош калаасында -1...+1 градусту көрсөтөт.
7-8-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-75-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кардуу аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Баткенде суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0