Баткенде суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Андрей Сорокин / Медиабанкка өтүүКардуу аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Кардуу аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Жазылуу
Өрөөндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -10 градуска чейин түшөт.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы туурасында маалымат берди.
5-декабрда көпчүлүк жерлерде, 6-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт. Бирок дыйканчылык аймактада жаан-чачын болбойт.
7-декабрда айрым райондордо, 8-9-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
10-11-декабрда жаан-чачын жаабай күн ачылат.
Өрөөндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -10 градуска чейин түшөт.
Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Өзгөрүп турат. Алдыдагы аптага карата Кыргызстан боюнча аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0