Коюу тумандан улам "Ош" аэропортундагы каттамдардын графиги өзгөрдү

© AFP / STRТуман баскан аэропорттогу учак. Архив
Туман баскан аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Жазылуу
Туруксуз аба ырайына байланыштуу "Манас" эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын да графиги жылдырылууда.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бүгүн, 5-декабрда, "Ош" эл аралык аэропортун каптаган коюу тумандан улам ички авиакаттамдардын графиги өзгөрдү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Туруксуз аба ырайына байланыштуу эртең мененки саат 7:40тан баштап жылдырылган ички авиакаттамдардын тизмеги:
Ош — Бишкек (132) каттамы 7:45тен 11:40ка жылдырылды;
Ош — Бишкек (106) каттамы 8:40тан 11:50гө жылдырылды;
Ош — Бишкек (178) каттамы саат 10:40тан 12:30га которулду.
Мындан улам "Манас" эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын да графиги өзгөрүүдө.
Ош аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Күз-кыш мезгилинде Оштон кайсы мамлекеттерге учууга болот? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0