Кыргызстанда толуп кеткендердин көбү пенсия курагындагылар экени айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКары киши. Архив
Кары киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Жазылуу
Өлкөдө эркектердин 41,5 пайызы өзүнүн нормадагы салмагын кармай албагандар.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда ашыкча салмак менен жабыркагандардын басымдуу бөлүгүн пенсия алдындагы жана пенсия курагындагы адамдар түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Башка категориялар боюнча абал төмөнкүчө:
18-25 жаштагылардын басымдуу бөлүгү — нормалдуу салмак;
25-30 жаштагылардын басымдуу бөлүгү — ашыкча салмагы барлар;
30 жаштан жогорулардын көпчүлүгү — семирип кеткендер.
Аял-эркекке бөлүп карай турган болсок, эркектердин ичинен 41,5 пайызынын ашыкча салмагы бар. Ал эми аялдар арасында бул көрсөткүч 34,6 пайызды түздү.
Жогоруда 2021-жылдын соңуна карата маалыматтар колдонулду.
Буга чейин эндокринолог Дилбар Саттарова Sputnik радиосуна берген маегинде ашыкча салмак бул өнөкөт оору экенин айткан.
Упражнения для сердца - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Бүгүндөн баштаңыз. Жүрөктүн ишин жакшыртчу 6 адат
Жаңылыктар түрмөгү
0