Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Орозбаев: учурда "Кыргыз көмүр" ишканасы 1,1 млн. тонна көмүр өндүрдү

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Марат Орозбаев
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын башкы директору Марат Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Жазылуу
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Марат Орозбаев Бишкек шаарынын калкынын 85-90 пайызы көмүр менен камсыздалганын айтты.
Күйүүчү-майлоочу майлардын жана жабдуулардын тетиктеринин кымбаттаганына карабастан, жылытуу мезгилинде көмүрдүн баасы көтөрүлбөйт. Бүгүнкү күндө карьерде катуу отундун тоннасы 1 450 сомдон жүктөлөт, калганын ташуунун баасы түзөт. Көрсөткүч ар облуста ар кандай. Бул тууралуу Марат Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Орозбаев: учурда "Кыргыз көмүр" ишканасы 1,1 млн. тонна көмүр өндүрдү
Анын айтымында, учурда "Кыргыз көмүр" 1 миллион 1 400 тонна көмүр өндүрүп, анын 433 миӊ тоннасы калкка, Бишкек шаарынын ТЭЦине 653 миӊ тонна (ТЭЦ 2023-жылдын 1-апрелине чейин план боюнча 1 миллион 50 миӊ тонна көмүр менен камсыздалат) көмүр жүктөлдү.
"Учурда Бишкектин эки жеринде (Достоевский, Сыдыгалиев, 7) арзандатылган көмүр сатылууда. Бул жерге кара алтын темир жол аркылуу ташылып жатат. Биздин мониторинг боюнча, Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4 000-4 200 сом турат. Калаа калкынын 85-90 пайызы көмүр менен камсыздалды. Түштүктө көмүрдүн баасы 4 800 сомду түзөт. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын негизги милдети көмүр өндүрүү болуп саналат. Биздин ишкана көмүрдү Бишкек ТЭЦине гана ташуу менен алектенет, башка керектөөчүлөрдү жеке ишкерлер камсыздайт деп түшүнүү керек. Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен катуу отун ташый турган 100гө жакын оор жүк ташуучу унаа сатып алуу пландалууда. Учурда Кара-Кечеде 16 ишкана көмүр казат, алардын бири —  "Кыргызкөмүр". Биз өзүбүз казган көмүрдүн сапатына гана кепилдик бере алабыз. "Кыргыз көмүр" ишканасы менен расмий келишим түзгөн күйүүчү май базалары ишканадан сапат сертификатын алышат. Эгерде бул отун базаларынан сатып алынган көмүр керектөөчүгө жакпаса, аны кайтарып бере алат жана акчасы кайтарылып берилет. Бирок эл нааразычылыгын айткан учур каттала элек", — деди Орозбаев.
Ал жеке менчик ишканалар Кара-Жыра, Шабыркүлдүн көмүрүн ташып келип жатканын, ошондой эле өлкөгө таш көмүр Казакстандан импорттолорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0