А.Жапаров: Бишкек менен Ошто мектеп, бала бакча кургандарга жерди бекер беребиз

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРОкуучулар Бишкекте жаңы мектеп имаратынын ачылыш аземинде. Архив
Окуучулар Бишкекте жаңы мектеп имаратынын ачылыш аземинде. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларында мектеп, бала бакча кургандарга жер бекер берилип, инфраструктурасы акысыз киргизилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эки калаанын мэрлерине жерлерди 2023-жылдын 1-февралына чейин инвентаризациялоо тапшырмасы берилген.
"Канализация, суу, светин дагы акысыз алып келип беребиз. Бирок бала бакча, мектепти жеке бизнеске беребиз. Мындай жол менен кетпесек болбой жатат. Эмдиги жылы Кыргызстан боюнча 800гө жакын жаңы бала бакча ачылат. Анын 560ы үч саат иштейт, беш саат иштегендери да бар. Тамак ичпей эле мектепке даярдашат. 247си бир смена менен окуган мектептер, аларды эки смена кылып жарым убактысын бала бакча кылабыз. Бирок ошол дагы жетпейт, мектепке даярдай турган бир миллиондой бала бар бизде. Ошондуктан айылда дагы чоң үйлөрүнө бала бакча ачам дегендерге да уруксат берип атабыз", — деди Жапаров.
Ал эми окуу куралдарын алууга республикалык бюджеттен каражат каралганын белгиледи.
Прездинет Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жапаров менен Ташиевдин айылдары эле өнүгүп жатабы? Расмий жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0