Бутунан майып кыргызстандык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды

© Фото / Нургазы Багышбеков32 жаштагы бир буттуу кыргызстандык Азат Бакиров жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында
32 жаштагы бир буттуу кыргызстандык Азат Бакиров жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Жазылуу
Былтыр Бакиров Кыргызстанда грэпплинг боюнча чемпион аталган.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. 32 жаштагы бир буттуу кыргызстандык Азат Бакиров жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында эки күмүш медаль тагынды.
© Фото / из личного архива Азата Бакирова32-летний одноногий кыргызстанец Азат Бакиров
32-летний одноногий кыргызстанец Азат Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Эки мелдеш тең ноябрь айында Абу-Даби шаарында (БАЭ) өткөн.
Биринчисин жиу-житсу боюнча дүйнөлүк федерация уюштурган. Анда кыргызстандык катардагы спортчулар менен 77 килограмм салмакта күч сынашкан. Экинчи чемпионатты жиу-житсу боюнча араб федерациясы уюштуруп, Бакиров анда майыптыгы барлар менен кармашкан.
Белгилей кетсек, былтыр Бакиров Кыргызстанда грэпплинг боюнча чемпион аталып, ушул эле спорттун түрү боюнча чемпионатта үчүнчү орунду алган.
Жиу-житсу боюнча курама команда Абу-Дабиден беш медаль алып келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2022
Жиу-житсу боюнча курама команда Абу-Дабиден беш медаль алып келди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0