Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШда Россияны жарга такоонун кесепети кандай болору айтылды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Антон Денисов / Пресс-служба президента РФ / Медиабанкка өтүүМосква Кремлинин мунарасындагы жылдыз. Архив
Москва Кремлинин мунарасындагы жылдыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Жазылуу
Акыркы күндөрү ар кыл өлкө лидерлери Украинадагы абалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу айта баштады.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. АКШнын саясатынан улам Россия өзүн жарга такалгандай сезүүдө. Бул тууралуу Тед Снайдердин макаласын The American Conservative жарыялады.
Макалада Вашингтон Москванын эскертүүсүнө кол шилтеп, кысымын күчөтүп жатканы айтылат. "Эч кимди колу-буту байланган абалга жеткирбеш керек, өзгөчө Россияны", — деп жазган Снайдер.
Баяндамачынын айтымында, Россияны жарга Украина менен Батыштын Крым жарым аралы, НАТОнун кеңейиши, ошондой эле Түндүк атлантикалык альянстын аскер кызматкерлерин Европага жайгаштыруу тууралуу билдирүүлөрү такап жатат. Снайдер НАТОнун кеңейишинин кооптуулугун Путин эскерткенин белгилеген. РФ лидери Украинанын альянска киришин кызыл чек деп атаганына токтолду.
"АКШ азыр кырдаалдан чыгуу жолун ойлошу керек, анын үстүнө Байден да Россияны мындан ары жарга такай бербей ойлонуп көрүүнү убадалаган", — деп жазды Снайдер.
Буга чейин Politico басылмасы Америка администрациясынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнө таянуу менен АКШ жашыруун Украина менен Россиянын сүйлөшүүсү үчүн негиз даярдап жатканын, бирок Вашингтондо бул боюнча бир пикир жок экенин жазган.
Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан кыргынга жана кордукка дуушар болгон элди коргоо" экенин белгилеген. Анын айтымында, бул үчүн Украинаны демилитаризациялап жана демаркациялап, Донбасстын тургундарына каршы кандуу кылмышка баргандар сот жоопкерчилигине тартылышы керек.
Владимир Зеленский 8-ноябрда Киевди Россияга сүйлөшүүгө түртүп жатышат деген маалыматтан кийин диалог үчүн жаңы шарттарды атаган. Анын айтымында, бул — "аймакта бүтүндүктү калыбына келтирүү, БУУ уставына урмат менен мамиле жасоо, келтирилген зыяндын ордун толтуруу, аскер кылмышкеринин ар бирин жазалоо жана мындай окуя кайталанбайт деген кепилдик". Ошол эле маалда Зеленский Украинанын Коопсуздук кеңешинин РФ президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес деген чечимин ишке киргизүү жарлыгына кол койгон. Буга кошумча Украина Россиянын башында Путин турганда эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай турганын да билдирген.
Акыркы күндөрү ар кыл өлкө лидерлери Украинадагы абалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу айта баштады. Бирок Кремль азырынча бул демилге ишке ашпай турганын, Киев бийлиги сүйлөшүү жүргүзүүгө өзүнө мыйзам чегинде тыюу салып алганын белгилеп, Москва эч убакта диалогдон баш тартпай турганын айтып келет.
Кытай төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Си Цзиньпин Украинадагы ок атууну токтотуп, сүйлөшүүнү баштоого чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0