Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакаева: режиссёрдук сценарий — кинонун документи

© Sputnik / Асель АкматРежиссёр Аят Бакаева
Режиссёр Аят Бакаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
Аят Бакаева бүгүнкү күнгө чейин 12 тасмада экинчи режиссёр болгон.
Экинчи режиссёр кино жаратууда башкы режиссёрдун майда нерселерди ойлонбостон иштөөсүнө шарт түзүп бериш керек экенин Аят Бакаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Бакаева: режиссёрдук сценарий — кинонун документи
Анын айтымында, Кыргызстандагы экинчи режиссёр жалгыз жасаган жумушту чет өлкөдө эки башка адам аткарат.
"Экинчи режиссёрдун жумушу тасма тартылганга чейинки жана тартылып жаткан учурдагы деп эки этап менен каралат. Негизи чет өлкөдө эки башка режиссёр болсо, бизде эки кишинин милдетин бирөө эле аткарып, экинчи режиссёрго уюштуруу иштери жүктөлөт. Мага сценарий берилгенден кийин атайын режиссёрдук сценарийди даярдап чыгам. Режиссёрдук сценарий кинонун документи болуп саналат. Кайсы убакта кайсы кадрды тартыш керек болсо ошого керектүү нерсенин баарын даярдоо менин мойнумда. Чыгармачылык топтогу ар бир кишинин графигин тактап, так план түзүш керек. Тартуу учурунда аба ырайы кандай болот, кайсы жерде кантип тартылат, ал жерде ток барбы же жокпу, ошонун баарын эске алуу абдан маанилүү. Эң эле майда нерселерден баштап чоң иштерге чейин экинчи режиссёр даярдап, башкы режиссёрдун чыгармачылыкка көбүрөөк басым жасоосуна жана майда нерселер тууралуу ойлонбой иштөөсүнө шарт түзүп берет. Негизи режиссёр өзү так жүргөн болсо көпчүлүк учурда тартуу иштерине катышып жаткандар да убагында өздөрүнө бөлүнгөн жумуштарды бүтүрүүгө аракеттенет. Ошондой эле биздин жумушта күтүлбөгөн ар кандай кырдаалдарга даяр болуу жана аны чечүү абдан чоң роль ойнойт", — деди экинчи режиссёр.
Ал чыгармачыл топтогу ар бир адам өз ишин так аткарса, тартуу иштери жеңил болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0