26-октябрда Бишкектин айрым конуштарында таза суу өчөт

© AFP / ALASTAIR PIKEКран суусу. Архив
Кран суусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Жазылуу
"Бишкек суу каналы" башкармалыгы конуш тургундарынан таза сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. 26-октябрда Бишкектин Ала-Тоо — 1, Ала-Тоо — 2 жаңы конуштарында ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Билдирмеге караганда, таза суу эртең мененки саат 9:00дөн 20:00гө чейин өчүрүлөт. Муниципалитет бул убакыт аралыгында "Ала-Тоо" суу кампасында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүрөрүн белгиледи.
"Мындан улам ичүүчү суу турак үйлөрдөн тышкары мектеп, бала бакча, социалдык, өнөр жай объектилеринде да жок болот", — деп жазылат кабарда.
"Бишкек суу каналы" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдарды жана конуш тургундарына сууну алдын ала камдап алууну эскертти.
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2022
Бишкектеги үйлөргө, мекемелерге жылуулук качан берилери белгилүү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0