00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Байсалов: мурунку кесиптештерим демократияны бурмалап жатышат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
Ички иштер министрлиги айрым адамдар массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого шектелип, алардын үйү тинтүүгө алынып, кармоо иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Демократия — бул элдик бийликтин мамлекетте конституциялык тартипти коргоо жана бакубат жашоону камсыз кылуу милдети. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кайрылуу жасап жатып билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон айрым саясатчы, жарандык активист, блогерлердин үйү тинтүүгө алынып жатканын тастыктаган. Андан кийин Ички иштер министрлиги айрым адамдар массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого шектелип, алардын үйү тинтүүгө алынып, кармоо иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган болчу. Алдын ала маалымат боюнча, милиция Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Эрлан Бекчороевдердин үйүнө барган. Мындан тышкары, айрымдары РИИБге суракка да чакырылган.
"Айрым мурунку кесиптештерим кайсы бийлик болбосун, кандай чечим кабыл алынбасын каршы чыгып, нааразы болуп, бурмалап туура эмес маалыматтарды таратып жатышат. Ушунтип эле бийликти басып алабыз деген ойдо жүрүшөт. Бул демократияга каршы келет. Бул демократия эмес, тартипсиздик, мамлекеттин жоктугу. Мындай башаламандыкка жол берилбейт. Өлкө жетекчилиги Конституцияга ылайык жанагындай чечимдерди кабыл алууга укуктуу", — деди Байсалов.
Кайсы чечим тууралуу кеп болуп жатканын так көрсөтпөгөн өкмөттүн мүчөсү ушу тапта Кыргызстанда демократия бар экенин, мамлекет бекем экенине да токтолгон.
"Элдин кызыкчылыгы, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ишеним көрсөтүшүбүз керек", — деди Байсалов.
Ал республикада жасалып жаткан иштер тууралуу айтып, бул ондон бир гана бөлүгү экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Суу сактагычтын берилишине каршы чыккандар бир нече ирет митингдерди уюштурган. Мамлекет башчы Садыр Жапаров чагымчылар Кемпир-Абад боюнча маселени түшүнүп турса дагы элди тескери жакка бурганга аракет кылып жүрүшкөнүн, алардын максаты чыр чыгарып, өлкөгө бүлүк салуу экенин айтып, бийлик андайга жол бербей турганын белгилеген.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Жапаров: чагымчылдарга канча жолу түшүндүрдүк, түшүнгүсү келбейт экен
Жаңылыктар түрмөгү
0