Үйү тинтүүгө алынган саясатчылар жана жарандык активисттер. ИИМ үн катты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги ИИМдин имараты. Архив
Бишкектеги ИИМдин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
Министрлик тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин белгиледи.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Айрым адамдар массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого шектелип, алардын үйү тинтүүгө алынып, кармоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон айрым саясатчы, жарандык активист, блогерлердин үйү тинтүүгө алынып жатканын тастыктаган.
ИИМ Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси "Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу" боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын айтты.
"Аталган иштин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Мындан улам шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүргүзүлүүдө", — деп жазылат маалыматта.
ИИМ тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров чагымчылар Кемпир-Абад боюнча маселени түшүнүп турса дагы элди тескери жакка бурганга аракет кылып жүрүшкөнүн, алардын максаты чыр чыгарып, өлкөгө бүлүк салуу экенин айтып, бийлик андайга жол бербей турганын белгилеген.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Келишимдин долбооруна Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети макулдук берген. Бул маселеден кийин суу сактагычтын берилишине каршы болгондор бир нече жолу митингге чыгып, социалдык тармактарда пикирлерин жазышууда. Өткөн жумада бир катар саясатчылар Өзгөнгө барып элдик курултай өткөрүшкөн.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
"Биз 100 жылды алдын ала көрүп жатабыз". Жапаров Кемпир-Абад боюнча пикирин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0