Өзгөндө курултайга чогулгандар тарады. Кемпир-Абад боюнча бийликке талаптары

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨзгөндө Кемпир-Абаддын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы болгон элдик курултай
Өзгөндө Кемпир-Абаддын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы болгон элдик курултай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2022
Жазылуу
Бүгүн эртең менен Кемпир-Абаддын жерин берүүгө каршы болгон 500гө чамалуу адам топтолгон.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында “Элдик курултай — Кемпир-Абад” деп аталган жыйынга чогулгандар тарады.
Бүгүн эртең менен Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин берүүгө каршы болгон 500гө чамалуу адам топтолуп, элдик курултай өткөрөрүн айтышкан. Ал жерге Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары жана башка саясатчылар, жарандык активисттер дагы барган.
Соңунда алар резолюция кабыл алып, бийликке төмөнкүдөй талаптарды коюшту:
Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын аянты Кыргызстандын менчигинде калсын;
Жер алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулсун;
Кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо мамлекеттик комиссиясы кайрадан түзүлсүн.
Эгер бул талаптар аткарылбаса Бишкекте дагы элдик курултай өткөрүлөрү белгиленди.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Келишимдин долбооруна Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети макулдук берген.
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Ташиев Мадумаровго: мындан артык келишим түзө алсаңыз ордумду сизге берейин
Жаңылыктар түрмөгү
0