Ноокенде 28 жаштагы Динара изделүүдө. Сүрөтү, белгилери

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиДайынсыз жоголгон Динара Каримова
Дайынсыз жоголгон Динара Каримова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2022
Жазылуу
Изделип жаткан адамдын кайда экенин көрүп-билгендер 102, (03734) 5 05 44, 0755 66 62 88 телефон омерлерине кабарлай алышат.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облустук милициясы Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну, 28 жаштагы Динара Каримованы издеп жатканын кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал 2022-жылдын 19-август күнү саат 12:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
"Учурда Динара Каримованын кайда экенин билүүгө мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп жазылат маалыматта.
Белгилери:
Бою 160-165 сантиметр, ак жүздүү, чачы кара, кыска. Ал көк түстөгү гүлдөрү бар ак көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Динаранын кайда экенин көрүп-билгендер 102, (03734) 5 05 44, 0755 66 62 88 телефон номерлерине кабарлай алышат.
Ысык-Көлдө кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2022
Ким экени тактала элек. Ысык-Көлдө суу жээгинен аялдын сөөгү табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0