Ким экени тактала элек. Ысык-Көлдө суу жээгинен аялдын сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдө кишилер. Архив
Ысык-Көлдө кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2022
Жазылуу
Аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар көрүп калган.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда көл жээгинен жашы 25-30 чамасындагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, анын сөөгүн жергиликтүү тургундар көрүп калган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, келиндин денесинде зордук-зомбулуктун издери байкалган эмес. Ал суу жээгинде спорттук кийимчен жаткан. Көз жумган аялдын ким экени тактала элек, милиция анын жакындарын издөөдө. Келиндин сөөгү учурда өлүкканада, соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Келиндин эмнеден көз жумганы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан соң билинери кошумчаланды.
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү: үч шектүү тең камалды
Жаңылыктар түрмөгү
0