Садыр Жапаров Элдик курултай боюнча жарлыкка кол койду. Биринчиси ноябрда өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук Кыргызстан желектери. Архив
Улуттук Кыргызстан желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Жазылуу
Биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилип, аларга бир нече милдет жүктөлгөн.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жана башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултай — кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет", — деп айтылат маалыматта.
Билдирмеге караганда биринчи Элдик курултай ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтөт.
Аталган жарлык менен биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Алар:
Сүйүнбек Касмамбетов — мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Бейшенбек Абдразаков — "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Чолпонбек Абыкеев — президенттин кеңешчиси, "Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
Бекбосун Бөрүбашов — президенттин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;
Замирбек Айтиев — президенттик администрациянын, президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;
Абдрахман Алымбаев (Байас Турал) — "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Чолпонкул Арабаев — "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кубанычбек Дүйшеев — "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кадыралы Кошалиев — "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Билим Райымкулов — Кыргызстан адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Айбек Жунушалиев — президенттик администрациянын президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги;
Мурат Үкүшов — президенттик администрациянын, президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Мирбек Кожоев — президенттик администрациянын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Каныбек Туманбаев — президенттин иш башкаруучусу;
Абдикарим Алимбаев — президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Нурил Алымбаев — президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Зиядин Жамалдинов — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бакытбек Нарбеков — президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Абсаттар Сыргабаев —президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Алтынбек Сулайманов — президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Алтынбек Эргешов — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри;
Алмаз Мамбетов — Ош шаарынын мэри.
Уюштуруу комитетине жүктөлгөн милдеттер:
административдик-аймактык бирдиктерден (айыл аймактарынан жана шаарлардан), эмгек мигранттарынан, конфессиялык коомчулуктардан Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;
биринчи Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл чараларды көрсүн;
Министрлер кабинети жана президенттин иш башкармасы Элдик курултайды уюштурууга байланышкан финансылык жана башка уюштуруу-техникалык маселелерди министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунун жана президенттин фондунун эсебинен чечсин;
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте биринчи Элдик курултайды даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу комитетине көмөк көрсөтсүн.
Ички иштер министрлиги жергиликтүү курултайларда Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Жапаров ККМ колдонууну жана салык ставкасын жеңилдеткен жарлыкка кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0