Францияда кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү сунушталды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз франциялык “Финантреп Аспир” компаниясынын жетекчиси, кыргыз-француз бизнес-ассоциациясынын президенти Ноэл Касабианка менен жолукту.
Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз франциялык “Финантреп Аспир” компаниясынын жетекчиси, кыргыз-француз бизнес-ассоциациясынын президенти Ноэл Касабианка менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Жазылуу
Быйыл Францияда кыргыз-француз бизнес-форумун уюштуруу сунушу француз тараптын кызыгуусун жаратты.
БИШКЕК, 10-авг. – Sputnik. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз франциялык “Финантреп Аспир” компаниясынын жетекчиси, кыргыз-француз бизнес-ассоциациясынын президенти Ноэл Касабианка менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Шер-Нияз Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана мамлекеттик колдоо көрсөтүүлөрүн презентациялаган. Ошондой эле айыл чарба, энергетика, вино жасоо, жашыл технология жана туризм сыяктуу тармактар боюнча соода-экономикалык өнөктөштүктү диверсификациялоо боюнча иш жүргүзүүнү улантуу керектигин белгилеген.
“Элчиликтин быйыл Францияда кыргыз-француз бизнес-форумун уюштуруу сунушу француз тараптын кызыгуусун жаратты. Бул платформа эки тараптуу экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өстүрүүгө шарт түзмөкчү”, - деп айтылат маалыматта.
Тараптар бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келечектеги кадамдарды сүйлөшүп, бизнес-форум уюштуруу үчүн техникалык, финансылык аспектилерди талкуулоого даяр экенин билдиришти.
Күн электростанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
Пресс-борбор
Бизнес кайра жаралуучу энергия боюнча долбоорлорго документтерди оңой бүтүрө алат
Жаңылыктар түрмөгү
0