Бишкекте сулуулук клиникалары контрабандалык каражат колдонгон. УКМК видеосу

© Sputnik / Денис АбрамовСулуулук салондун иши. Архив
Сулуулук салондун иши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Жазылуу
Азыркы учурда топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголгону кошумчаланды.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкекте дары-дармектерди системалуу түрдө аткезчилик жолу менен ташып келүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бишкектеги айрым медициналык-эстетикалык косметологияга адистешкен сулуулук салондору жана сулуулук клиникалары тиешелүү экспертизалардан өтпөгөн препараттарды колдонуп келишкен. УКМК бул мыйзам талаптарын бузуу болуп саналарын белгиледи.
"Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, сулуулук клиникаларында жогорку сапаттагы дары-дармек эмес, контрабандалык жол менен алып келинген каражаттар колдонулат. Булар аллергиялык реакция, анафилактикалык шок, сезгенүү, инфекциялык процесс, сепсис жана гематома сыяктуу ден соолукка жана өмүргө олуттуу зыянын тийгизет", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголгону кошумчаланды.
Аткезчилик жол менен ташылган дары-дармектер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Кыргызстанга дары-дармек аткезчилик жол менен өтүп турган канал буулду
Жаңылыктар түрмөгү
0