Курман айттан улам кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алмай болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовСейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Быйыл Курман айт 9-июлда өтүп, ишембиге туш келет.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Курман айттан улам кыргызстандыктар үч күн катары менен, тагыраагы, 9-10-11-июль күндөрү эс алмай болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.
Эскерте кетсек, быйыл Курман айт 9-июлда өтүп, ишембиге туура келет. Эмгек кодексине ылайык, майрам күн дем алышка туш келсе, кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0