https://sputnik.kg/20220627/zhalal-abad-oblusundagy-okul-sogush-1065607536.html
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнө сөгүш жарыяланды. Себеби
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнө сөгүш жарыяланды. Себеби
Sputnik Кыргызстан
Сөгүштү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Жунушалиев жар салды. 27.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-27T16:03+0600
2022-06-27T16:03+0600
2022-06-27T16:04+0600
жалал-абад
садыр жапаров
абсаттар сыргабаев
сөгүш
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1a/1054361835_0:183:3072:1911_1920x0_80_0_0_286e76b47dd3f62cfd18603b7a9790c4.jpg.webp
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өзүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Мындай чечим президенттин "КРде үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын жетиштүү деңгээлде көзөмөлгө албаганы жана ишке ашырбаганы үчүн кабыл алынган.Сөгүштү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Жунушалиев жар салды.Ал белгилегендей, жарлык ар кандай үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка иш-чараларды өткөрүүдө негизсиз чыгымдарды кыскартууга багытталган.Буга чейин президент Садыр Жапаровдун өлүм чыккан жерде ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча жарлыгы жарыяланган. Максаты — жарандардын социалдык, экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу. Ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорлукту алдын алуу.
https://sputnik.kg/20220311/teolog-akimzhan-ehrgeshov-shariat-sook-koyuu-1062753727.html
жалал-абад
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1a/1054361835_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_aa088af3b53c09fbc12292bdf22fe031.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жалал-абад, садыр жапаров, абсаттар сыргабаев, сөгүш
жалал-абад, садыр жапаров, абсаттар сыргабаев, сөгүш
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнө сөгүш жарыяланды. Себеби
16:03 27.06.2022 (Жаңыртылды: 16:04 27.06.2022) Сөгүштү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Жунушалиев жар салды.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент
Садыр Жапаров өзүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим президенттин "КРде үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын жетиштүү деңгээлде көзөмөлгө албаганы жана ишке ашырбаганы үчүн кабыл алынган.
Сөгүштү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы
Айбек Жунушалиев жар салды.
Ал белгилегендей, жарлык ар кандай үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка иш-чараларды өткөрүүдө негизсиз чыгымдарды кыскартууга багытталган.
"Ар бирибиз үй-бүлөлүк майрамдарда жана маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарында негизсиз ысырапкорчулуктун зыяндуу экенин түшүнүшүбүз керек. Анын айынан көп жылдар бою карыз болуп жашашыбыз мүмкүн", — деди Жунушалиев.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун өлүм чыккан жерде ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча
жарлыгы жарыяланган. Максаты — жарандардын социалдык, экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу. Ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорлукту алдын алуу.
11 Жалган Куран 2022, 11:41