00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Маалымат борбор

Теолог: ысырапкорлукту шарият жектейт, сөөк коюудагы чектөөгө каршы чыкпайлы

© Sputnik / Табылды КадырбековТеолог Акимжан Эргешов
Теолог Акимжан Эргешов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлык чыгарып, ага карата муфтият фатва жарыялаган.
БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун сөөк коюу жана той-аштагы ысырапкерчиликке тыюу салуу боюнча жарлыгы шариятка туура келип, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөйт. Мындай пикирин теолог Акимжан Эргешов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан "Той менен сөөк коюудагы ысырапкорлук" темасындагы тегерек столго катышууда.

"Ысырапкерчиликти шарият дагы жектейт. Мисалы, Россияда иштеп, бала-бакырасын багып жүргөн жаран кырсыктап каза болду дейли. Бул жакта бешиктен бели чыга элек балдары бар. Тууган-уругу чогулат дагы мал сойгула дейт. Кийин балдары багуучусу жок калганы аз келгенсип, союлган жылкы үчүн карызга батат. Үй-бүлө кыйналат, жакырчылык күч алат. Бул нерсе акыры барып мамлекетке күч келтирет", — деди теолог.

Ошондой эле ал өнүгөм деген мамлекетте пайда алып келе турган мыйзам эч талкуусуз жана так аткарылышы керектигин айтты.
"Коомго пайда алып келчү мыйзам болсо, унчукпай аткарышыбыз керек. Албетте, мындай чектөөлөр ар бирибизге жагып, баары колдойт деп айтуу кыйын. Сөзсүз каршы чыккандар болот. Бирок массага жарыгы тийчү чечим бир ууч кишинин кызыкчылыгы үчүн артка кайтарылбашы керек. Эгер сарамжал болбосок, эч качан бутубузга тура албайбыз", — деди адис.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун өлүм чыккан жерде ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча жарлыгы жарыяланган. Бул жарлыктын максаты — жарандардын социалдык, экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу экени айтылган. Ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорлукту алдын алуу.
Ал эми парламенттик угуу учурунда той-аш жана маркумду узатуу жөрөлгөлөрүндө эреже бузгандарга 150 миң сомго чейин айып салуу сунушталган.
Көп өтпөй Кыргызстандын муфтияты маркумду узатуудагы ысырапкорлукту алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды. Анда ислам шариятында маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асып мал союлбай, тамак берилбей турганы белгиленген.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Маалымат борбор
Мамлекеттик катчы: тажияда мал союу боюнча жарлыкта так кесе чектөө жок
Жаңылыктар түрмөгү
0