Өспүрүмдөрдүн анемиясын алдын алуунун жолдору. Адистердин кеңеши

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүӨспүрүм ооруканада. Архив
Өспүрүм ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Жазылуу
Адистер өспүрүмдөрдөгү анемиянын өнүгүүсүнүн коркунуч факторлорун санап берди.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Өспүрүм куракта органдардын жана ткандардын тынымсыз өсүп-өрчүшүнөн улам организмдин темирге болгон керектөөсү кескин жогорулайт. Ата-энелер өспүрүмдүн күнүмдүк рационуна темири көп азыктарды колдонушу керек. Бул туурасында Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун "Сак-саламат" Телеграм-каналы билдирди.
Организмде темир, гемоглобин же эритроциттердин жетишсиздиги аз кандуулукту пайда кылат.
Анемия менен жапа чеккен адамда анын органдарына жана ткандарына кычкылтекти жеткирүү үчүн жооптуу болгон эритроциттердин деңгээли төмөндөйт. Адамдын абалы, активдүүлүгү, ошондой эле тышкы көрүнүшү да кандагы гемоглобиндин деңгээлинен көз каранды.
Адистер өспүрүмдөрдөгү анемиянын өнүгүүсүнүн коркунуч факторлору катары төмөнкүлөрдү санап берген:
тамак-ашта темирдин жетишсиздиги (начар тамактануу же ачка болуу диеталары);
эт жебеген адамдардагы темирдин жетишсиздиги;
организмдеги темирге болгон жогорку керектөө (дене бойго көп күч келтирген учурларда);
ашказан-ичеги ооруларынын темирди сиңирүүсүнүн бузулушу (аллергия, мите курт илдеттери, гастрит);
темирди патологиялык жоготуу (айыз учурундагы кан жоготуу).
Анемияны кантип аныктоо керек:
эртең менен ач карын манжадан кан тапшыруу зарыл;
изилдөөгө бир күн калганда майлуу жана куурулган тамак ичкенге болбойт;
кан алууга 10-15 мүнөт калганда денеге күч келтирбеш керек. Мисалы: чуркап же оор көтөрүп келип кан тапшырууга болбойт.
"Өспүрүмдүн канындагы жалпы анализде гемоглобиндин деңгээли -110 г/л аз, ал эми эритроциттин курамы 3,8ге аз болсо, "анемия" диагнозу коюлат", — деп айтылган маалыматта.
Витаминдер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
"Сак саламат" Д витамини жетишпегенде жаралчу оорулардын белгилерин санап берди
Анемиянын кесепети:
дене бой жана акыл-эс жактан өнүгүүдө артта калуу;
ишке болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү;
билим алууда артта калуу;
иммунитеттин төмөндөшү;
баш айлануу жана теринин кубарышы.
Адистер анемияны алдын алуунун эң эле ишенимдүү ыкмасы тамактануу адаттарын өзгөртүү экенин айтышкан.
Өспүрүмдүн күнүмдүк рационунда темирди көп камтыган төмөнкү азыктар болушу керек:
боор;
майы аз кызыл эт;
төө буурчак;
нан жана байытылган дандар;
гречка;
жаңгактар;
кургатылган жемиштер;
помидор.
Темир өсүмдүк тектүү азыктарга салыштырмалуу жаныбар тектүү тамак-аштарда жакшыраак өздөштүрүлөрү айтылган.
Адистер өспүрүмдүн рационуна темирдин жакшы сиңирилишине жардам берүүчү С витамини менен фолий кычкылына бай келген жашылча жана жемиштерди (көк жашылчалар; карагат, цитрус, ашкабак, болгар калемпири, ит мурун) көп колдонууну сунушташкан.
"Тамактануу учурунда чай, кофе ичүү күнүмдүк тамак-аштын курамындагы темирдин сиңирилишин начарлатат. Аларды тамактануудан 1,5-2 сааттан кийин ичсе болот. Жылдын кайсы мезгили болбосун таза абада тез-тез жана узагыраак убакытка серүүндөгөн пайдалуу. Анемияда ткандарда, анын ичинде мээ жана жүрөктө кычкылтек жетишсиздиги келип чыгат", — деп айтылат каналдын маалыматында.
Анемияны спецификалык алдын алууга жылына эки жолу үч айдан тыныгуу менен үч ай бою темир препараттарын жана фолий кычкылын ичүү да пайдалуу экенин билдиришкен.
Жаңы төрөлгөн бала. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Кандай учурда бала анемия болуп төрөлөт? Дарыгердин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0