Жайында "Манас" аэропортунан 9 өлкөгө учууга болот. Каттамдардын графиги

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ""Манас" аэропортунун кызматкери. Архив
Манас аэропортунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Жазылуу
Тизмеде тогуз мамлекетке кетчү каттамдар жана алардын күнү көрсөтүлгөн.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. "Манас эл аралык аэропорту" ААКтын маалымат кызматы жайында Бишкектен кайсы мамлекеттерге учса болорун айтып, графигин жарыялады.

Казакстан

Алматы — Бишкек — Алматы. Air Astana авиакомпаниясы күн сайын каттайт;
Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан. Air Astana авиакомпаниясы, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү;
Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан. FlyArystan авиакомпаниясы 18-июлдан тартып дүйшөмбү күндөрү каттамдарды аткарууну пландаштырууда;
Алматы — Бишкек — Алматы. Avia Traffic Company авиакомпаниясы 13-июлдан тартып күн сайын учууну пландаштырууда.

Өзбекстан

Ташкент — Бишкек — Ташкент. Uzbekistan Airways авиакомпаниясы, дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү.

Түркия

Стамбул — Бишкек — Стамбул. Turkish Airlines авиакомпаниясы күнүгө бир нече каттам, жумасына 16 каттам аткарууну пландаштырууда;
Анталья — Бишкек — Анталья. Turkish Airlines авиакомпаниясы 3-июндан баштап шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү учууда;
Стамбул — Бишкек — Стамбул. Pegasus Airlines авиакомпаниясы жумасына 14 каттам;
Анталья — Бишкек — Анталья. Pegasus Airlines авиакомпаниясы, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү;
Даламан — Бишкек — Даламан Pegasus Airlines авиакомпаниясы 28-июндан тарта шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.

БАЭ

Дубай — Бишкек — Дубай. Flydubai авиакомпаниясы күн сайын;
Шарджа — Бишкек — Шарджа. Air Arabia авиакомпаниясы, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учат, 17-июндан тартып дүйшөмбү жана ишемби күндөрү эки каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда.

Кувейт

Кувейт — Бишкек — Кувейт. Jazeera Airways авиакомпаниясы шаршемби жана жума күндөрү.

Монголия

Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор. Hunnu Air авиакомпаниясы, шейшемби жана ишемби күндөрү.

Иран

Мешхед — Бишкек — Мешхед. Varesh Airlines авиакомпаниясы бейшемби күнү.

Кытай

Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү. China Southern Airlines авиакомпаниясы 21-июндан тартып шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.

Россия

Москва — Бишкек — Москва. "Аэрофлот" авиакомпаниясы жумасына 14 каттам аткарууну пландаштырууда;
Москва — Бишкек — Москва. "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы, күн сайын;
Бишкек — Москва — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы күн сайын;
Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург. "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү. 7-июндан тартып шейшемби жана бейшемби күндөрү эки каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда;
Самара — Бишкек — Самара. "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы бейшемби күнү;
Сочи — Бишкек — Сочи. "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жекшемби күнү;
Иркутск — Бишкек — Иркутск. "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жекшемби күнү;
Новосибирск — Бишкек — Новосибирск. "Сибирь" авиакомпаниясы күн сайын;
Бишкек — Новосибирск — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы шейшемби жана жума күндөрү;
Бишкек — Иркутск — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы бейшемби күнү;
Бишкек — Казань — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы дүйшөмбү күнү;
Бишкек — Красноярск — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы шейшемби күнү;
Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы ишемби күнү;
Тюмень — Бишкек — Тюмень. "Северный ветер" авиакомпаниясы ишемби күнү.
Темир жол вокзалдагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда каттай турчу поезддер. График
Жаңылыктар түрмөгү
0