Бир тууган эжем деп жүрсөм, ал апам болуп чыкты. Асырап алган кыздын каты

© AFP / TED ALJIBEБаарлашкан кыздар. Архивдик сүрөт
Баарлашкан кыздар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган эжем деп жүргөн аял чынында өзүнүн тууган апасы экенин билип калган кыз кат жазган.
Саламатсыздарбы! Менин жүрөгүмдү өйүп жүргөн бир маселе бар, ошол үчүн психологдон кеңеш сурайын дегем. Азыр 26 жаштамын. Бир жыл мурда өзүм тууралуу үч уктасам түшүмө кирбеген нерсе уктум. Көрсө, мен ушул убакка чейин ата-энем деп жүргөн кишилер чындыгында таята, таенем экен. Апамдын жашы азыр 70ке чукулдап калды. Мурда мени "40тын кырында төрөп алган кызым" деп көп айтчу. Антпей эле кырктын кырында неберелүү болуп, өз апамдын жигити албай кеткендиктен, кызы кылып жаздырып коюшуптур. Азыр өзүм деле турмушка чыккан, балалуу болгон, аз-маз болсо дагы жашоонун күнгөй-тескейин көрүп калган кишимин. Мени өз кызындай баккан таене, таятама дагы эч таарынычым жок. Тетирисинче, жаш кезинде оор абалда калган кызынан баш тартып же боюнан алдыртып салбаганы үчүн ыраазымын. Бирок мен ушул убакка чейин эжем деп жашап келген апам менен ачык сүйлөшкүм келип жатат. Эч нерсе болбогондой жүрө берейин дейм, бирок такыр жүрөгүм чыдабай койду. Аны менен бул тууралуу сүйлөшүп, биологиялык атамды билгим келет. Атам ким эле, кайда жашачу, эмне иш кылчу, азыр барбы, болсо кандай киши? Айтор, суроолор өтө көп. Мен ал киши менен катышат элем дебейм, жөн гана өзүм үчүн ата-тегим тууралуу билип алгым келет. Буга укугум бар да туурабы? Бирок бир түйшөлткөн нерсе, апамдын үй-бүлөсүн бузуп аламбы деп корком. Азыр анын жолдошу, эки уулу бар. Жаш кезинде ката кетирип, 18 жашында кыздуу болгонун жездем билсе кандай кабыл алат? Мен алардын бир тууганы экенимди балдары билип калса кандай болот? Эч кимге айтпаңыз деп өзү менен деле сүйлөшөйүн дейм, бирок ал мен анын кызы экенимди билгенден кийин кантип жашайт болду экен? Баары бир мага мамилеси өзгөрөт да. Кеңеш берип койгулачы, сураныч.
Психолог Урмат Курманов: — Мындай учурда эч кимге билдирбегенге аракет кылышат. Бирок баары бир угулат. Бала туугандарынан же коңшу-колоң, сырткаркы кишилерден билет. Баланын ата-энеси тууралуу толук билүүгө укугу бар. Ачык отуруп сүйлөшүүнү кааларыңызды айтыптырсыз. Бул туура. Анткени биологиялык апаңыз жана таене, таятаңыздын ичинде да көп жылдан бери чогулган оор жүк бар. Анан сиз да жеңилдейсиз. Андан ары апаңыз бул тууралуу жолдошуна айтабы же айтпайбы, бул анын иши. Бир нерсени жашырып жашоо өтө кыйын. Ал деле жолдошуна ачык айтканы туура, себеби жездеңиз башка бирөөдөн угушу деле мүмкүн.
Өзүңүз 25 жашта угуп, баарын түшүнүп калган кезде бул жаңылыкты тынч эле кабыл алганыңыз жакшы болду. Анткени өткөөл куракта мындай кабарды угуп, өз жанын кыйып же качып кеткендер бар. Бала акыл-эси кирип 7-8 жаштан өтүп калганда чыныгы ата-энеси тууралуу айтуу керек. Анткени кийин угуп калса "сени таштап кеткен же баланча жерден таап алышкан" деген өңдүү туура эмес маалыматтар менен коштолушу мүмкүн.
Эч нерсе билбегендей жүрө берсемби депсиз. Кантип? Антип жүрө албайсыз. Анткени сиз билген жаңылык ичиңизди уйгу-туйгу кылып, тынчтык бербейт.
Гүл кармаган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Атамды көргүм келбейт, апам экөөнүн жарашуусун каалабайм. Таарынган кыздын каты
Кош бойлуу аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Кайындарым курсактагы балаңды абысыныңа бер деп жатышат. Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0