Атамды көргүм келбейт, апам экөөнүн жарашуусун каалабайм. Таарынган кыздын каты

© Фото / Pixabay / haomao57Гүл кармаган аял. Архивдик сүрөт
Гүл кармаган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир кезде апасын жана бир туугандарын таштап кеткен атасын жашоосуна кайрадан кабыл алгысы келбеген кыз кат жазган.
Саламатсыздарбы! Мен азыр 28 жаштамын. Үйдүн улуусу катары иним менен сиңдимди багып, баш-көз болуп кам көрүп чоңойдум. Алар менден 5 жана 8 жашка кичүү. Кичине кезде атабыз менен апабыз ажырашып кеткен. Атам апамды көп ыйлатты, кол көтөргөнүн да көрүп өстүм. Көзүнө чөп салып да коймою бар болчу. Мунун баарын так түшүнүп билбесем да, алардын урушунан аңдачумун. Кээде экөөнүн ызы-чуусунда апама болушуп чырылдап ыйлаган да күндөрүм болду. Ошентсе да апам жаны тынбай тытынып иштечү. Бизди окутуп, классташтардан калтырбай кийинтти. Өзү жайдан бир көйнөк менен деле чыгып кетчү. Атам болсо койкоңдоп жасанып, машинасын айдап зыңгырап жүрчү. Кийин эс-акылым кирип, 7-8-класс болуп калганда атам бизди таштап кетип калды. Апам ачык айтпаганы менен башка аялга кеткенин билип турдум. Апабыз байкуш назданып аялдай деле жүргөн жок. Оюнун баары эле тарсылдап жумуш, анан балдары эле. Көздөрү чарчап турса да, чарчоого акысы жоктой аялдын да, эркектин да жумушунда иштеди. Мен аны көрүп сиңдим менен инимди мектептен алып, сабактарын карап, үйдү жыйнап, картошка, шорпо, жумуртка өңдүү тамактарды жасап жардамдашчумун. Өзүбүз шаар четиндеги жаңы конушта турабыз. Оюмда атам келип калса бизди, апамды жакшы көрүп, кайра жашап калабызбы деп жанталашып окудум. Ошентип апамдын кыйналганын, башкалардын ата-энесин көрүп жүрүп, 9-10-класстан баштап атамды жаман көрө баштадым. Кийин ал киши биз үчүн чоочунга айланды. Ошол аралыкта анда-санда келип да кетчү. Андан башка биздин адам болушубузга салымы деле болгон жок. Бөбөктөрүмө катардагы эле бирөө болуп калган. Биз да чоңойдук. Мен окуу жайын бүтүп, ишке орноштум. Иним да жогорку билимдүү, өз жолун тапты. Сиңдим да жаман эмес. Өткөндө атабыз келип апамдан кечирим сурап, жарашууну сунуштаптыр. Мен ага каршы болуп жатам. Өкүнсүн. "Апа, биз кыйналып жүргөндө кайда эле" дедим. Сиңдимдин эле көңүлү бар. Анткени атасынын чынында кандай адам экенин билбейт, апамды урганы эсинде жок да. Апам "жок" деп айта албай же макул да боло албай жүрөт. Иним апасынын тандоосу менен макул экенин билдирди. Азыр ал деле атага муктаж кезден өттү да. Апам "сен турмушка чыкканда караан болуп турсун, жаман да болсо атаң" дейт. Жакында турмушка чыкмакмын, бирок тоюма келбесин деп жатам. Апамдын ар бир тамган көз жашы, аял катары бактысыз болуп калганы үчүн күнөөлүү. Апамдын "кечирсемби" деп кыйылганына да ачуум келип жатат. Аны түшүнө албай койдум. Аялдык намыс болуш керек деген ойдомун. Азыр апамдын буттары сыздап ооруйт. Ушунун баарына атам күнөөлүү. Такыр жашоомо жолоткум келбейт. Апама, сиңдиме муну кантип түшүндүрөм?
Келин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Кайындарым менен туугандарым балдызыма үйлөн деп кыйнашууда. Жесил кишинин каты
Психолог Урмат Курманов:
— Сиздин акыбалыңыз жашоодо көп кездеше турган көрүнүш. Анткени ажырашуу көп. Ата-энесинин келишпестиги, алардын ортосунда кандайдыр бир маселе чечилбей калганы үчүн балдар да жапа чегет. Сиз чоңоюп калганда ажырашкандыктан баарын түшүнүп калыптырсыз. Ал эми кичине балдар муну өзүнө алып, өзүн күнөөлөшү мүмкүн.
Сизде таарыныч деген чоң көйгөй бар. Экинчиден, адам ишке ашпай калган бардык максаттары үчүн бир адамды күнөөлөй берет. Бул бирок психологиялык жактан туура эмес. Анткени ал кишиге жоопкерчиликти үйүп коёсуз. Негизи таарыныч деген өтө чоң көйгөй. Бул көптөгөн соматикалык ооруларды шарттайт. Ал жүрүп отуруп олуттуу ооруларга, ракка да айланып кетиши мүмкүн. Таарыныч деген таш сыяктуу оор жүк. Мындан арылуу керек. Улам бир адамга таарынган сайын сумкабызга таш салып, улам оорлотуп көтөрүп жүрө беребиз. Аягында ал да көтөрө алгыс болуп калат. Бул жашообузга тоскоол болот. Албетте, андан арылуу, айрым учурда таарынбай коюу өтө кыйын. Бирок таарынычты жоюуга аракет жасоо керек. Бул үчүн көптөгөн китептер бар. Луиза Хейдин китептерин окуп, жакшы маалыматтарды алууга болот. Таарынычтын адам организмине кандай таасир этери кенен айтылган сонун китептер бар. Мунун залалы өзүбүзгө тиет. Жүрүп отуруп бул таарыныч күйөөңүзгө, балдарыңызга залакасын тийгизиши мүмкүн. Ошол себептен биринчи кезекте таарынычты жеңишиңиз керек.
Ыйлап жаткан келин. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Кайындарынын кордугунан дартка кабылган сиңдимди ажыраштырсамбы? Эженин даты
Жаңылыктар түрмөгү
0