Ошто пара алып жаткан милициянын майору кармалды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жазылуу
Милиционердин 1 500 миң доллар акча талап кылганы аныкталган.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ошто пара талап кылган шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, анын 1 500 доллар акча талап кылганы аныкталган.
"Ош ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. 18-майда Кара-Суу районунда көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Милиционер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Ошто мас болуп чыр салган милиционер кармалып, кызматынан алынды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0