Медведев: Россия үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербейт

© Sputnik / Алексей МайшевМосква Кремли. Архив
Москва Кремли. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Медведев Россияга кол салуу болсо, жооп кечиктирилбей турганын эскерткен.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россия үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербейт. Бул тууралуу РФтин Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Telegram-каналына жазды.
"Заманбап, натыйжалуу курал-жарактын арсеналы өзүнүн, башкалардын колу менен үчүнчү дүйнөлүк согушту баштоого даяр болгондордун дымагын суутуп жатат. Мындай кырдаалга жол бербейбиз. Бирок биздин өлкөгө кол салуу болсо, дароо жооп берүүгө даяр экенибизди дайыма эскертүүгө туура келүүдө", — деген ал.
Буга чейин РФтин Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Россияга карата киргизилген санкциялардан улам саясий, азык-түлүк жана финансы каатчылыгы тууралуу эскерткен.
РФтин Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: Россия — НАТО чатагынан өзөктүк согуш чыгуу тобокелдиги бар
Жаңылыктар түрмөгү
0