20-апрелден баштап Красноярскиге жаңы аба каттамы ачылат

© Sputnik / Илья НаймушинАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Кыргызстандын Бишкек, Ош шаарларынан жана Ысык-Көл аэропортунан Россиянын ондон ашык шаарларына аба каттамдары бар.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россиянын Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
"Уральские авиалинии" авиакомпаниясы 20-апрелден баштап Красноярск — Бишкек — Красноярск багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачууну пландап жатат. Ал жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарылат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ушул эле авиакомпания 10-апрелден баштап Иркутск — Бишкек — Екатеринбург багыты боюнча жүргүнчү ташый баштаган. Ал каттам бейшемби күндөрү аткарылат.
Темир жол станциядагы поезддер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Россия менен темир жол байланышы качан ачылат? Жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0