Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

РФ Коргоо министрлиги: Киев Батышка таянып адам өмүрүн алган акция даярдоодо

© AP Photo / Felipe DanaУкраинанын аскерлери
Украинанын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2022
Жазылуу
Министрликтин өкүлү Украина бийлигинин аракети кандай натыйжага кептей турганын айтып берди.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Киев Батыштын бир катар мамлекеттеринин колдоосуна таянып жай тургундарды кыргынга учурата турган акцияларды даярдап жатат. Бул тууралуу Россия Коргоо башкармалыгынын улуттук борборунун жетекчиси генерал-полковник Михаил Мизинцев билдирди.
РИА Новости мындай аракеттер Россиянын Куралдуу күчтөрү менен ЛЭР армиясын каралоо максатында жасалып жатканын тактады.
"Киев жамааттык Батыштын бир катар өлкөлөрүнүн колдоосу менен Луганскидеги жай тургундарды массалык жок кылуу боюнча акылга сыйбаган акцияларды даярдоодо. Максаты — Россия Куралдуу күчтөрү менен ЛЭР армиясын каралоо", — деген Мизинцев.
Анын айтымында, Северодонецк районунун Кременная шаарына чет элдик ЖМКлардын өкүлдөрү келип, алдын ала райондук оорукананын имаратына жайгашкан. Алар бейтаптарды ташыган тез жардам автоунаасын россиялык аскерлер аткылагандай кылып көрсөткөн украин жоокерлеринин чагымчылыгын тартып каттап калышмакчы.

"Попяснянский районунун Белогоровка конушунда неонацисттер суу кампасынын аймагында жайгашкан резервуарларга мина коюшту. ЛЭР элдик милициясы шаарга жакындаганда аларды жардырып жиберүүнү пландап жатышат", — деди Мизинцев.

Ал, мындан тышкары, Киев облусунун Раговкасында россиялык аскер кызматкерлери өлтүрдү деген жай тургундардын массалык көмүлгөн жерин табууну тартуу менен дагы бир провокация даярдалып жатканын кошумчалады.
Мизинцев украин бийлигинин мындай аракеттери алардын элдин тагдырын ойлобостон, эл аралык гуманитардык укук нормаларына кайдыгер мамилесин тастыктап турарын белгиледи.
Россия Украинадагы атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режиминин кыйноосуна кабылып, геноцидге туш болгон элди коргоо" экенин айткан. Анын айтымында, бул үчүн "Украинаны делимитаризация жана денацификациялоо" керек. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Куралдуу күчтөр аскердик инфраструктура жана украин армиясына сокку урууда, 25-мартка карата биринчи этаптын негизги максаттары аткарылган. Ал эми башкы максат Донбассты бошотуу экени белгиленди.
Украинадагы Буча шаарынын тургуну - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Калп айтат". Батыш Геббельстин ыкмаларын кайталап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0