"Урал авиалиниялары" Бишкек менен Ошко жаңы беш каттам ачат. Тизме

© AFP 2023 / VYACHESLAV OSELEDKO"Манас" аэропорту. Архивдик сүрөт
Манас аэропорту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Жазылуу
Россиянын алдынкы авиакомпаниясы Кыргызстандын ири эки шаары менен каттамдарды көбөйтүүнү чечти.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россиянын "Урал авиалиниялары" компаниясы быйыл жайында Бишкек менен Ошко жаңы беш каттам ачат. Бул тууралуу авиакомпания Telegram-каналы аркылуу кабарлады.
Жүргүнчүлөргө төмөнкү багыттар боюнча жаңы беш каттам сунушталат:
Владикавказ — Ош — Владикавказ, жума күндөрү;
Красноярск — Бишкек — Красноярск, шаршемби сайын;
Самара — Бишкек — Самара, бейшемби сайын;
Сочи — Бишкек — Сочи, ишемби сайын;
Иркутск — Бишкек — Иркутск, дүйшөмбү сайын, кайра артка жекшембиде.
"Урал авиалиниялары" — Россиянын жүргүнчү ташыган ири компанияларынын бири. Аба флоту Airbus учактары менен эл ташыйт.
Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
"Манас" аэропорту жазгы-жайкы маалга өттү. Аба каттамдардын графиги
Жаңылыктар түрмөгү
0